www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бүгүн, 21-сентябрга каратат Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3721 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан.

Мындан сырткары, Баткен облусунан келген жарандарды кабыл алуу үчүн Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларына 1247 жаран жайгашкан.

Жалпы Баткен облусундагы жана Ош шаарындагы убактылуу кабыл алуучу жайларга 4968 жаран жайгашкан (57 ПВР: Баткен-49, Ош шаары-9)

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди а/а 5301 жаран эвакуацияланган.

Белгилей кетсек, Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 122 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

- Ош облусунда – 44;

- Жалал-Абад облусунда– 12;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 69;

- Талас облусунда – 43;

- Чүй облусунда – 12;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 1.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости