www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик жаратылыш газына караганда өзөктүк энергетика маселесинде Орусиядан көбүрөөк көз каранды. Бул тууралуу Берлин технология жана экономика институтунун адиси Фолькер Квашнингдин жергиликтүү телеканалга берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.

Маекте айтылгандай, Евробиримдикте Орусиянын ресурстарынан баш тартуу пландары тууралуу сөз болгондо алар уранга көз карандылыкты эстешпейт же атайылап көрмөксөнгө салышат.

"Атомдук энергия боюнча "Евратом" мекемесинин маалыматында атомдук электр станцияларынын иштеши үчүн зарыл болгон байытылган урандын 40 пайызга жакынын Европа Орусия менен Казакстандан алат. Бул жерде кеп сырьедо гана эмес. Орусия Батыштан кайсы бир чөйрөлөр боюнча артта калганы менен атомдук өнөр жайда абал тескерисинче. Орусиянын уран иштетүүчү заводдору дүйнөдөгү эң мыкты ишканалардын катарына кирет", — деди адис.

Ошол эле учурда, Дүйнөлүк өзөктүк ассоциациянын маалыматы боюнча, Борбордук жана Чыгыш Европанын көптөгөн өлкөлөрү орусиялык уранга эле эмес, Орусиянын өзөктүк технологияларынан дагы көз каранды.

Буга байланыштуу "Евратом" тынчсыздануусун билдирип, Евробиримдиктин бул чөйрөдө алсыз экенин моюндап келет. Ошол себептен Орусиянын уран жеткирип, атомдук станцияларды тейлөөгө тыюу салышы Батыш үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экени айтылат.

"Эгер Орусиядан уран ташып келүү токтотулса, жаңы өндүрүүчү издеш керек болот. Ал эми уран дүкөндөн эле сатып ала турган нерсе эмес. Ошол себептен россиялык уранды ташууга тыюу салбоо өтүнүчү менен АКШлык ишкерлер өз өкмөтүнө кайрылышкан", — деди адис.

Орусия армиясынын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Мунун алкагында Батыш өлкөлөрү Орусиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости