www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Кыргызстандагы укук коргоо органдарынан жашынып жүргөн адамдар кармалды.

ИИМ билдиргендей, Москванын жана Россия Федерациясынын башка шаарларында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бейбаштык, талаптоноо, уурдоо, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаза өтөөчү жайлардан качуу, дезертирдик, жол кырсыгын жасоо, насыя, алимент төлөбөө үчүн изделип жаткан 24 жарандын жашаган жери аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында:

- 1989-жылы Чүй облусунда туулган Б.Р. аттуу жаран кармалды. Ал 2018-жылы Бишкек шаарынын Ленин РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) издөөдө жүргөн,

- Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1977-жылы туулган Ош облусунда М.А. аттуу жаран кармалды. Ал Ош ШИИБ тарабынан 2021-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 266-беренеси боюнча (Бейбаштык) изделип келген,

- Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБ тарабынан издөөдө жүргөн 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган Э.А. аттуу жаран кармалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) боюнча издөөгө алынган. Узак убакыт бою чет өлкөдө жашынып жүргөн,

- 1990-жылы Жалал-Абад облусунда туулган О.Ч. аттуу жаран кармалды. Ал Сузак РИИБ тарабынан 2009-жылы Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакциясы) 167-беренеси боюнча издөөдө жүргөн,

- 1982-жылы туулган коңшу республиканын жараны кармалды. Ал Чүй облусунун Сокулук РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 90- беренеси (Сыноо мөөнөтүнүн ичинде жүктөлгөн милдеттерди аткарбоо) боюнча изделип жаткан,

- 1991-жылы Ош облусунда туулган Т.К. аттуу жаран кармалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 297-беренеси (Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча Ош облусунун Өзгөн РИИБ тарабынан 2021-жылдан бери изделип жаткан,

- 1969-жылы Жалал-Абад облусунда туулган М.А. аттуу жаран кармалды. Ал 2010-жылы Жалал-Абад ШИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакциясы) 234-беренеси менен (Курал колдонуу менен коштолгон бейбаштык) козголгон кылмыш иши боюнча издөөгө алынган,

- 1989-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБ тарабынан изделип жаткан М.Д. аттуу жаран кармалды. Ал 2007-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын редакциясы) 359-беренеси менен (Кызмат ордун өзү билип калтыруу) издөөдө жүргөн,

- 1973-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ тарабынан 2016-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакциясы) 166-беренеси (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында изделип жаткан жарандын жашаган жери аныкталды,

- Ысык-Көл облусунун Каракол ШИИБ тарабынан 2014-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакциясы) 304-беренеси менен (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш иши боюнча изделип жаткан 1979- жылы Ысык-Көл облусунда туулган С.Ж.нын жашаган жери аныкталды,

- Ош облусунун Кара-Суу РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 200-беренеси (Ири өлчөмдөгү уурулук) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында изделип жаткан 1996-жылы Ош облусунда туулган Т. уулу А. кармалды,

- 2009-жылдан тартып мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1983-жылы Бишкек шаарында туулган П.И. кармалды. Ал Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакциясы боюнча) 166-беренеси менен (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) издөөдө жүргөн,

- 1967-жылы Чүй облусунда туулган Ч.Г. аттуу жарандын жашаган жери аныкталды. Ал 2012-жылдан бери Бишкек шаарынын Ленин РИИБ тарабынан насыяны төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген. Мындан тышкары балдарын багуудан баш тартып, узак убакыт бою балдарына алимент төлөбөгөн жарандардын жашаган жери аныкталды.

Алар:

- Кыргыз Республикасынын жараны К.Р., 1983-жылы Ош облусунда туулган, Чүй облусунун Сокулук РИИБ тарабынан изделип келген,

- Кыргыз Республикасынын жараны Ж.Р., 1986-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, Жалал-Абад ШИИБ тарабынан изделип келген, - Кыргыз Республикасынын жараны А. уулу К., 1982-жылы Ош облусунда туулган, Ош облусунун Кара-Суу РИИБ тарабынан изделип келген,

- Кыргыз Республикасынын жараны А.А. ,1994-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБ тарабынан изделип келген,

- 1981-жылы Чүй облусунда туулган М.Д., Токмок ШИИБ тарабынан изделип келген,

- 1976-жылы Нарын облусунда туулган Ж.М., Нарын облусунун Кочкор РИИБ тарабынан изделип келген,

- 1970-жылы туулган А.Ш., Ош облусунун Кара-Суу РИИБ тарабынан 2020-жылдан бери изделип келген,

- 1981-жылы туулган Т.К., Ош облусунда туулган, 2019-жылдан бери Ош ШИИБ тарабынан изделип келген,

- 1976-жылы туулган К.А., Ош облусунда туулган, 2015-жылдан бери Ош ШИИБ тарабынан изделип келген,

- 1991-жылы туулган Э.А., Сузак РИИБ тарабынан 2021-жылдан бери изделип келген,

- 1985-жылы Жалал-Абад облусунда туулган А.К., 2020-жылдан тартып Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБ тарабынан изделип жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости