www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Еврошаркет Украинага көбүрөөк колдоо көрсөтөт

Европа биримдиги Украинага терең колдоо көрсөтүүгө убада кылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда, Киевде президент Владимир Зеленский баш болгон украин лидерлери менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин жетекчиси Шарль Мишель өткөргөн саммит учурунда айтылды.

Урсула фон дер Ляйен Украинаны шаркеттин мүчө-мамлекеттеринен чыккан газ менен көбүрөөк камсыздоонун үстүнөн жакындан иш жүргүзүлөөрүн белгиледи. "Украина газ транзитине келгенде ишенимдүү өлкө бойдон калууга тийиш", - деп айтты биримдиктин жетекчиси.

Тараптар ушуну менен 23-жолу жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрдү. Сегиз жылдан бери Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн урушу басылбай келет.

Зеленскийге реформаларды ишке ашыруу жана коррупция менен күрөш солгун жүрүп жатат деген сын күчөдү. Муну менен катар газ транзити да күн тартибиндеги олуттуу маселелердин бири бойдон калууда. Украина жана европалык бир катар өлкө Орусиянын мамлекеттик “Газпром” ишканасын газдын баасын көтөрүп жаткандыгы үчүн сындап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости