www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиялык сулуу Решма Куреша 17 жашында анын жашоосу толук өзгөрөт. Эч нерседен капарсыз кыз бир тууган эжеси жана курбулары менен сейилдеп жүргөн учурда аларга бейтааныш адамдар кол салышат.

Алар Решманы эжеси менен алмаштырып алышат. Кийинчерээк кылмышкердин Решманын эжесинин мурунку күйөөсү экени билинген.

“Кылмышкерлер ушул күнгө чейин жазасын алышкан жок, а мен жүзү жок адамга айландым. Менин эстегеним, эжем мага: “Кач!” - деп кыйкырды. Бирок мен жетишкен жокмун, мени колумдан кармап туруп бетиме кислота куюп салышты”,-деп эскерет кыз өмүрүндөгү эң жагымсыз ошол күндү.

Кыздын бети, денеси катуу күйгөн жана бир көзү агып түшүп калган. Муну менен Решма тагдырына моюн сунуп отуруп калган эмес, бүгүнкү күндө ал блоггер болуп майыптык жашоонун чеги эмес экенин далилдеген ар кандай тасмаларды интернетке жүктөп турат.

Биринчи жолу өткөн жылы күзүндө Нью-Йоркто өткөн мода жумалыгында индиялык белгилүү дизайнердин кийимдерин жарыялап подиумдун чыныгы жылдызы болгон.

Подиумга чыгуудагы максаты – Индияда кислотанын жеткиликтүү экенине башкалардын көңүлүн буруу экенин өзү айткан.

Булак: "lady.kg"

Последние новости