www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook Австралиядагы колдонуучуларын социалдык тармакка жаңылыктарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. 18-февралдан тартып Австралиянын аймагындагы колдонуучулар аталган социалдык тармакка маалымат каражаттарынын жаңылыктарын бөлүшүп, жарыялай албайт. Ошондой эле социалдык тармактагы маалымат каражаттарынын баракчалары да өчүрүлдү.

Facebook мындай чечимди Австралиянын бийлиги социалдык тармакка жайгаштырылган жаңылыктардан түшкөн кирешеден салык алуу ниетинен соң кабыл алды. Бийлик компания өз кирешесинен маалымат каражаттарына салык төлөшү керек деп эсептейт.

Австралиянын саламаттык сактоо министри Грег Хант "Фейсбуктун" акыркы чечимин түшүнбөй жатканын билдирди. Акыркы чектөөдөн улам айрым мамлекеттик кызматтардын баракчалары да өчүрүлгөн.

Эгер Австралия бийлиги көздөгөн мыйзам кабыл алынса "Google" компаниясы да бул өлкөнүн аймагында өз издөө системасын жабаарын эскерткен.

 Facebook" - дүйнөдөгү ири социалдык тармактардын бири, ага "Facebook Inc." компаниясы ээлик кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости