www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Матраимов геополитикалык оюндун курмандыгы болуп жатат, ошон үчүн “Азаттык” күнүгө сөздү Матраимовдун сотунан баштап жатат”, - деди бүгүн, 18-февралда NazarNews.kg маалымат агенттигине мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун.

- Турсунбек агай, сот Матраимовду 260 миң сом төлөтүп, ага болгон чектөөлөрдүн баары алынсын деген чечим чыгарды.  Бирок, ошол эле учурда Президент, УКМКнын баары Матраимовдун барымтасында калды деп көкүткөндөр пайда болду. Бул доомат орундуубу же орунсузбу?

- Мурдагы президенттерди сотко кийлигишет деп сындасак, эми “Садыр Жапаров сотторго кийлигишпей койду. Матраимов 260 миң сом менен жазадан кутулуп кете турган болду, аны каматпай койду. Чындыкка жаназа окулду” деп сындап жатышат. Матраимовду каматкыдай Садыр Жапаров сот эмес да. Ошол үчүн Раимбек Матраимовду каматпай койду деп президентти  күнөөлөгөн негизсиз деп ойлойм. Бизде өзү Матраимов жөнүндө гана сөз болуп жатат. Кыргызстанда Матраимовдон өткөн бай адамдар толтура. Алардын көбү коррупциялык жол менен байыгандар. Үстүнөн иш козголгонуна карабай президентке шыйпаңдап жакындагандын жолун издеп жатышат. Тагыраагы, премьер, вице-премьер, министр болуп мамлекеттик кызматта иштеп байып, Москвага үч кабат үйлөрдү салып, чет мамлекеттен эсептерди ачып жүрүшөт. Мына ошолордун баары сөзсүз түрдө тиешелүү жазасын алышы керек. Коррупцияга малынган адамдар тиешелүү жазасын алмайын Кыргызстанда эч качан коррупция токтобойт.

- Неге Матраимовдон бай адамдар толтура болсо да, Матраимовдун арты менен президентти каралоо күч алды?

- Матраимовду жактагандан алысмын. Бирок, калыстык үчүн айтып коюшум керек. Матраимовдон дагы оор кылмыш кылгандар жөн эле жүрөт. Матраимовду “Магнитскийдин тизмесине” киргизип, аны коррупциянын символу катары сындоо менен Атамбаевдин убагында үзүлүп калган Америка менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы келишимди кайра күчтөп калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышат. Ошондуктан ал геополитикалык оюндун курмандыгы болуп жатат. Америка артында турганы үчүн “Азаттык” радиосу да күнүгө сөздү Матраимовдун соту менен баштап, президентти каралоого аракет жасай баштады. Ал турсун реакция деген акцияны байма-бай уюштурган балдардын сөзүн АКШдан жана Европадан каржыланган “Азаттык”, “Клооп кж”, “Кактус медия” деген сайттар чагылдырып, коомдук пикир жаратуунун аракетин көрүп, Америкачыл көз караштагы саясатчылардын саясатынын тымызын жүргүзүшө баштады. Аккула саясатчылар жаштардын колтугуна суу бүркүп, кандай сүйлөштөн, кандай талаптарды койгонго чейин үйрөтүп, жаштарды курал катары пайдаланып, элдин тынчтыгын эске албай тополоң чыгаруунун аракетин көздөп жатышат. Кыскасы, өлкөнү башаламандыкка алып келе турган топтор пайда болду. Тагыраагы, АКШнын чалгындоо кызматтары жана элчилиги бул ишке катуу кирише баштады. Ал тургай президенттин сүйлөгөн сөзүн, жолугушууларын, макулдашууларынын баарын АКШнын жана Россиянын чалгындоо кызматтары угуп, тиешелүү органдарга жеткирип жатышат.

- Митингге чыккан жаштар адилеттик үчүн күйгөндөр, мамлекеттин эртеңине кайдыгер карабагандар деп ишенсек болобу?

- Чынында бул балдар адилеттик үчүн күйүп, чындык үчүн күрөшүп жатканын кудай билет. Алар өздөрүн жарандык коомдун өкүлдөрүбүз дешкени менен булардын баары ток балдар экени кийген кийиминен, минген машинелеринен жана жүргөн жерлеринен билинип калды. Айтайын дегеним, экс-президенттер менен чай ичишип, байланышта жүргөн балдар экени да ачыкка чыкты. Мисалы, биз 90-жылдары митингге чыкканда шымыбыз айрык, курсагыбыз ачка болчу. Митингге чыккан сайын милициялар 15 күнгө камап, сабачу. Азыркыдай кыйкырып тарап кетчү эмеспиз. Сөзсүз камашчу. Азыркы митингчилер оюна келгенди оттоп, тайраңдап жатышат. Эмнеси болсо да акылга келишип, элдин тынчтыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн баарынан жогору коюшу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости