www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook колдонуучуларынан кечирим сурады

WhatsApp, Facebook жана Instagram Кыргызстанда иштебей калды. Аны менен катар дүйнөдөгү колдонуучулар TikTok, Google, Telegram жана Twitter да жеткиликсиз болгонун айтышууда. Бул туурасында интернет-ресурстардын иштерине көзөмөл кылып турган Downdetecto сайтында айтылган.

Эмне үчүн интернеттеги бир катар сервистер иштебей калганы боюнча так жооп берише элек. Маселе серверди иштеп чыккандарда жаралганын айтышты. Facebook буга эмне себеп болгонун билбей турганын кабарлады.

«Кээ бир адамдардын биздин кызматтан пайдалана албай жаткандыгын билдик. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана аны тез арада оңдоого аракет кылабыз», — деп айтылган компаниянын билдирүүсүндө.

Ал арада Telegram менен Twitter колдонуучулары да кыйынчылыктар жаралып жатканын билдиришти. Telegram жаңы колдонуучулардын кошулганына канааттангандыктарын, бирок «сервер баарын бир учурда тейлей албай жаткандыгын» айтты.

Facebook 2004-жылы америкалык Марк Цукерберг тарабынан түзүлгөн. 2012-жылы компания миллиард долларга Instagram социалдык тармагын, көп өтпөй 16 миллиард долларга WhatsApp сервисин сатып алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости