www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрдагы элдик толкундоонун келип чыгуу себептери

2020-жылдын октябрь айында болгон элдик толкундоонун келип чыгышына көп себептер бар. Алардын бирден-бир орчундуу себеби, парламенттик шайлоонун акыйкат, таза өтпөгөнү. Бийликке таандык делген «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» аталышындагы эки партия добуштардын көбүн ээлеп алып, башка партиялар парламентке келе албай калганы элдик толкундоого алып келди. Натыйжада толкуган эл аткаруу бийлигин, президентти баш кылып тактан кулатууга аргасыз болду.

Негизи мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков чабал иштегенин мойнуна алышы шарт. Үч жыл аралыгында ага жакшы эле мүмкүнчүлүк берилди. Пандемияны эске албаганда бир топ жакшы иштерди жасап койчу жерде эле.

Элдик толкундоонун тутанышына алып келген, жогоруда белгилеген парламенттик шайлоону эле калыс, таза өткөрүп койгондо президенттик ордун бек сактап иштей бермек. Тилекке каршы ал антпеди. Маалым болгондой, жакындарынын тилинен чыга албады.

Айтор, кандай болсо дагы буга чейинки революциялар бийлик башындагыларга жакшы эле сабак болду окшойт.  Бүгүнкү бийлик дагы буга чейинкилердин катасын кайталабай, шайлоону таза жана акыйкат өткөрөт деген терең ишенимдебиз.

Элдик толкундоонун дагы бир башкы себеби, 2010- жылдан, 2020- жылга чейинки парламенттик башкаруу ситемасы болгонун жашырбашыбыз керек. Башкарунун аталган системасы 10 жыл боюу чынында эле көпчүлүк элдин нааразычылыгын жаратты.

Мыйзам чыгаруу органындагы 120 депутаттын көбү элди иренжитти. Депутаттардын баары бирдей билимдүү, тажрыйбалуу, такшалган кесипкөй инсандар болсо кана? Тилекке каршы, андай болбоду.

Көпчүлүгү дипломду сатып алган, окууну сырттан окуп бүткөн, соодада жүрүп элди алдап көнгөн кызыл кулак акчалуулар болду. Алар күчтүү мыйзам жазмак турсун, тыңыраак сүйлөй албай элдин сынына бир эмес, бир нече ирет кабылышты. Шылдың болушту.

Бир партиядан шайланып келген эл өкүлдөрү бир партияга бириге албай бөлүнүп- жарылып, парламенттик институттун беделине доо кетирип, баркын кетиришти. Коалция болуп куралган үч партия өкмөттү курап, аткаруу бийлигиндеги минстрлик кызматтан баштап, айыл өкмөт, мектеп директору, айылдык маданият үйүнүн жетекчилигине чейин бөлүшүп, мамлекеттик кызматты устукан бөлүштүргөндөй жиликтеп алышты.

Тааныш депутаты жок билимдүү жаштар четте калып, билимсиз эле бирөө, башкача айтканда, депутаттын таанышы бийликтин бийик бутактарына кызматка орношуп жатты. Натыйжада, өлкөдө кадрдык кризис орун алды.

Мыкты иштеген, кесипкөй депутаттар болду. Бирок иш билбеген, балык болуп унчукпай отурган депутаттар басымдуулук кылды. Чет өлкөгө чыгып, социалдык түйүндөргө сүрөттөрүн жүктөп, популисттик кадамдарга барган депутаттар да болду.

 Бийликке түз оюн айта албаган, коён жүрөк депутаттарды да белгилей кетпесек болбойт. Алар өйдө жактын оозун карап, президенттен, УКМКдан коркуп отурушту. Ушундан улам Алмаз Атамбаев депутаттарды «чимкириктер» деп ардантты. «Чимкирик» дегенге арданган айрым депутаттар «биз элитабыз» деп коомчулуктун сынына кабылды. Парламенттин спикери орусчага тили келбей туура эмес сүйлөп, мамлекет жана шаарлардын аттарын туура эмес айтып, ал дагы элдин сынынан арылган жок.

Октябрь окуясынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаров мына ушундай терс көрүнүштөн арылуу үчүн, элдин турмушун оңдоо максатында Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттик башкаруу жолуна түшүү маселеси сунуштады.

Убактылуу президенттин жана Өкмөттүн милдетин аткарган Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү сунушу менен депутаттарга кайрылып, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү, 80 ге жакыны Конституцияны өзгөртүүгө макулдук беришти.

Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге мурдагы өкмөт башчылар, ЖК депутаттары, ЖОЖдордо эмгектенген саясий, юридикалык илимдердин докторлору, белгилүү окумуштуу агартуучулар, коомдук ишмерлер, көз карандысыз эксперттер ж.б. кирди.

10-январда президенттик шайлоо менен бирге эле референдум өтүп, өлкөгө президенттик башкаруу формасы керекпи же парламенттикпи деген суроо элдин тандоосуна коюлду. Эл президенттик башкарууну тандады жана көпчүлүк элдин колдоосуна ээ болуп Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

Жакында Кыргыз мамлекетинде парламенттик шайлоо өткөнү турат. Жаңы Конститутция боюнча парламент депутаттарынын саны 90 болушу шарт. Анын 55 и партиялык тизме менен шайланса, 35 и бир мандаттуу округдан шайланаары анык болду.

Бийлик турукташып, бир жолго түшүп калганы менен кээ бир саясий күчтөр, Кумтөр окуясы жана башка коррупциялык иштер менен камакка алынган айрым саясатчылар жөн жатпай, өлкөнүн туруксуздугуна доо кетирип, алдыда болчу шайлоого жакын ар кандай чагымчылдык иш аракеттерди уюштурууга далбастап жатышканы да маалым болууда.

Элге айтаар элек, чагымчыл күчтөргө ишенбеңиздер. Алардын максаты башкада. Кыргызстанга азыр эң башкысы туруктуулук, тынчтык керек. Калганы акырындык менен орундалат.

Эске алсаңыздар? Кыргызстан 4- революцияны көтөрө албайт. Экономикабыз эңшерилип турат. Бюджетибиз үчүнчү революцияга чейин эле жок болгон. Карызга белчебизден батканбыз. Чынында оор учурда жашап жатабыз.

Президент Садыр Жапаров колдон келген аракетин көрүп жаткандай. Буюрса парлдаменттик шайлоо тынч өтүп, татыктуу депутаттарды шайлап алсак, андан аркы жашообуз нукка түшөт деген ишенимди жүрөгүбүзгө бек сактап, алдыга карай жашообузду улай берели урматтуу окурманым.   

Азат Белеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости