www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2011-жылдагы пандемиянын дүйнөлүк экономикага тийгизген кесепетинен улам транспорттун жандануусу менен мунайга болгон суроо-талап күчөдү жана анын баасы асмандай баштады.

Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер бирикмесинин билдирүүсүнө караганда, 2021-жылы Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррелине болгон баа эки эсе өстү. Тагыраагы, 40 доллардан 80 долларга чейин жетти.

Кыргыз Республикасы мунайдын 95 пайызын импорттоп алуучу өлкө катары дүйнөлүк тренддерге өтө көз каранды дейт Бирикмедегилер.

Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун чыгаруучу баасынын динамикасы жылдын башынан бери өтө жогору болуп жатат. Орусиялык МКЗ чыгаруучу баасы жыл башынан бери өстү:

- бензин группасы боюнча 130% (2,3 эсе).

- дизель тобу боюнча 70% (1,7 эсе).

Ошол эле учурда Кыргызстандагы ички АЗС сатуу баасынын өсүшү:

- бензин группасы боюнча 59%.

- дизель майы 40%

Бул нерсенин баары нефтетрейдерлердин абалды жумшартуу үчүн 2 айлык кор топтоп алгандыгынан болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости