www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook менен Twitter социалдык тармактары Россиялык уюм жана мекемелерге байланышы бар деп эсептеген аккаунттардын иштөөсүнө бөгөт койгондугун жарыялады.

Facebook берген маалымдамага ылайык, тышкы кийлигишүүлөрдүн алдын алууга байланышкан колдонуу эрежелеринин бузулушунан улам 13 аккаунт жана 2 баракча жабылды. Бул аккаунттардын орус “интернет изилдөөлөрү агенттиги” менен байланышы бар экендиги жана иштер көбүнчө АКШ, Англия, Алжир, Египет жана англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөр менен Ортоңку Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө багытталганы айтылды. Ошондой эле бул боюнча тергөө иштеринин башталганы белгиленди.

Бул боюнча Twitter дагы 5 аккаунтту жапканын билдирди. Аталган социалдык түйүн берген маалымдамада: “Россиянын мамлекеттик мекемелерине биз талап кыла турган платформадагы манипуляциялардан улам 5 аккаунтту жаптык” деп айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости