www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook компаниясы АКШ президентин коргоо комитетине Дональд Трампты колдогон жарнамаларды социалдык тармакка жарыялоого тыюу салды. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

Буга чейин Трамптын тарапташтарынын биринин интернеттеги маалыматын тиешелүү кызмат текшере келгенде калп болуп чыкканы айтылат.

"Президентти коргоо комитети жарыялаган бир нече маалымат чындыкка дал келбей турганы аныкталгандыктан биздин платформада убактылуу жарнама кыла албайт", — деген Facebook компаниясынын өкүлү Энди Стоун.

Компания жарнамага канча убакыт тыюу салганын жана кайсы маалымат үчүн мындай жаза берилгенин айтуудан баш тартты.

Негизи саясий партиялар тарабынан чыккан жарнамалык билдирүүлөрдүн чын-бышыгын текшерүү Facebook социалдык тармагынын милдетине кирбейт. Бирок саясий топтор, анын ичинде саясий комитеттер жарыялаган контент жалган эместиги каралат. 

Трампты колдоо тобу 2013-жылы демократ Хиллари Клинтонго каршы күрөшүү максатында түзүлгөн. Комитет лидерин колдоо үчүн 15 миллион доллардан ашык каражат сарптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости