www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook компаниясынын көз карандысыз көзөмөл кеңеши АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын баракчаларын убактылуу жабуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды. Бирок кеңеш Трамптын Facebook жана Instagram баракчаларын биротоло жабуу туура эмес болорун эскертти.

Ал чечимди алты айдан кийин кайра кароого чакырды.

Facebook бул баракчаларды быйыл 6-январда Капитолийдеги чабуулдан кийин убактылуу жаап салган. Ага тушташ Twitter социалдык түйүнү Трамптын баракчасын толук жапкан.

"Трамп мырзанын постторун жарыялап жаткан кезде бирөөгө зыян келет деген анык жана чукул тобокелчилик бар болчу жана анын баш-аламандыкка аралашкандарды колдогон сөзү алардын зомбулук менен коштолгон аракеттерин мыйзамдаштырган", - деп айтылат Facebook компаниясынын көз карандысыз көзөмөл кеңешинин 5-майдагы чечиминде.

Шейшемби күнү Трамп расмий сайтын ачканын жарыялаган. Сайтка өзүнүн билдирүүлөрүн жарыялап турмакчы. АКШнын экс-президенти Facebookтун чечимин Америка үчүн "уят иш" деп сыпаттаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости