www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатчы Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов социалдык баракчасына жазды.
Ага ылайык, Молдокматов 6-майда саат 10:00 мекеменин Тергөө кызматына барышы керек.
--“Кайсы маселе боюнча суракка чакырып жатканын так билбейм. Бирок саясатка байланыштуу айткан акыркы пикирлерим себеп болушу мүмкүн. Анткени, Баткендеги куралдуу кагылыш үчүн атайын кызматтын төрөгасы Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылганбыз. Ага чейин Садыр Жапаров демилге кылган Баш мыйзамдын долбоорун сындап чыкканбыз. Мындан тышкары уу коргошун, казино жана экономикалык жагдайлар боюнча сын айтып келгенбиз. Президенттин кылган иштери аягына чыкпай, баш-аламан болуп жатат. Балким ушуларга байланыштуу болушу мүмкүн”, - деди Молдокматов.
Булак: NazarNews.kg