www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышпайт

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Улуу Жеңиш күнүнө карата (9-май) Москвага барбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 5-майда айрым ЖМКлар 9-майдын алдында, тагыраагы, 8-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен Москвадан жолугушарын жазышкан.

Ал эми Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Жапаровдун сапары пландалбаганын айтканы кабарланган. Бул өз учурунда соцтармакта кызуу талкуу жаратты. КР президентинин маалымат катчысы болсо төмөнкүлөрдү билдирди.

«Президент Садыр Жапаров пандемиядан улам 9-майда Москвага барууну пландаган жок. Орусия тарап дагы быйыл Жеңиш күнүнүн юбилейлик датасы болбогондуктан КМШнын лидерлери расмий түрдө чакырылбаганын маалымдап, буга пандемия дагы себеп экенин белгилешти. Ал эми Тажикстандын президентинин Москвага болгон сапары бир ай мурун эле макулдашылган», - деди Байтерек.

Эске салсак, буга чейин ЖМКлар дагы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Орусияга сапары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга чейин макулдашылганын жазышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости