www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-октябрда президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов “Медиа Форум” имаратынын жанына чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, кызмат орундарын бөлүштүргөн адамдар пайда болгонун белгиледи.

Ниязов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал негизги милдет – өлкөнүн биримдигин сактоо, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо экенин айтып, чогулгандарды аянтка барууга үндөдү.

“Бул революцияны жаштар жасады. Ошондуктан, аянтка барып, “акмактарга”жок деп айтууга милдеттүүбүз”, – деди ал.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушту. «Достук» мейманканасында чогулган бир нече депутат катышкан жыйынга VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Бүгүн, 7-октябрдагы митингдин катышуучулары “5 эркек бийликти талашпагыла” деп айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости