www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фарид Ниязов Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Кыргызстанда күч түзүмдөрүнө ишенип, сөзүнө кирип кетпеген бир да президент болгон жок деп билдирди. 29-октябрда ал саясий билдирүү таратып, жаңы бийликке “өлкөнү кризистен чыгарып, туруктуу өнүктүрүү жолуна салуу” боюнча сунуштарын айтты.

Ниязов президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаровдун жана анын тарапкерлеринин жеке көз карашы жана программасы бар экенине ишенерин, ошондой болсо да өз сунуштарын айтууну туура көргөнүн билдирди.

Ал өлкө жетекчилигин “күч түзүмдөрүнүн пикиринен көз каранды болуп калуу” деген катаны кайталабоого чакырып, “тилекке каршы, Кыргызстандын бир да президенти мындай көз карандылыктан оолак боло алган жок жана кайсы бир убактыттан кийин алар жарандык коомдун эмес, күч кызматкерлеринин гана пикирин алдыга кое башташчу” деп белгиледи.

Ошондой эле, Ниязов күч кызматтары бийликтин саясий оппоненттерин каралаган маалыматтарды жарыялатып, алар президентке жеткирилип турган тажрыйба көп жылдардан бери болуп келгенин айтып, “Күч түзүмдөрү ички саясат эмес, өз иши менен алек болушу зарыл” деп кошумчалады.

Саясий маселелер боюнча коюлган талаптарга объективдүү жана калыс укуктук бааны күч кызматтары эмес, эксперттер, бейтарап юристтер жана журналисттер гана бере аларын белгиледи.

Эске салсак, Ниязов Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы, кеңешчиси кызматтарын аркалаган. Ал 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучулардын катарында камакта отурат.

Атамбаевдин тушунда бир катар саясатчылар “коррупция”, “бийликти басып алууга аракет жасоо” деген сыяктуу айыптар боюнча соттолушкан. Ошол жылдары “Саясий туткундарды коргоо комитети” түзүлүп, тизмеге камакта жаткан 25 саясатчы кирген. Алардын арасында 2017-жылы камалып, быйыл 6-октябрда бошонуп чыккан азыркы өлкө жетекчиси Садыр Жапаров да бар болчу. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости