www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясы боюнча Ф.Ниязовдун кайрылуусуна саясат талдоочу Табылды Акеров жергиликтүү сайттардын бирине комментарий берип, Атамбаевдин ат кошчусу болгон Фарид Ниязов эмнени сүйлөгөнүн өзү билбестигин билдирди.

«КСДПнын саясий кеңешинин төрагасынын орун басары, КСДПнын штабынын жетекчиси катары 7-ав-устта Атамбаевдин үйүндө болгон, ал спецназ Ниязбековду сактап калып, барымтага алынгандарды дароо бошотконго мүмкүнчүлүг бар эле деди.

Саясат талдоочунун пикиринде, барымтадагыларга жардам берүү жаатында Равшан Жээноековго караганда, Ниязовдун таасири жана мүмкүнчүлүгү чоң болгон.

«Фарид Ниязов дароо Жунушалиев, Асанов, Опунбаев же дагы башкасына чалып, тынчтык жолу менен кырдаалды жөндөсө болмок. Бирок, ал өзүн көрсөтө албады. Тескерисинче барымтадагыларга медициналык ж.б. бөлөк жардамдар зарыл болуп турган маалда, ал телаканалдарга ырахаттануу менен маектерди берди» деп таамай белгилеген Табылды Акеров. Саясат талдоочу сөзүнүн аягында, Ниязов жоопкерчиликтен кутулуу үчүн 24 саат бою ойлонуп, канткенде суудан кургак чыгып кетем деген «изденүү» менен убакыт өткөрүп жаткан маалы дейт. Чындыгында эле, Атамбаевдин сокур сакясатын ээрчип жүрүп, өздөрүн өздөрү «тупикке» тыкты. Эми жазасын тартсын!

Булак: Де-Факто

Последние новости