www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия энергетика тармагы боюнча Орусияга каршы санкцияларга кошулбайт. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Донмез Anadolu басылмасына билдирген.

Ал Анкаранын Москва менен газ жеткирүү боюнча келишими бар экенин белгилеген.

"Түркия боюнча айта турган болсок, биз башынан эле Орусияга каршы санкцияларды аткарбай турганыбызды билдиргенбиз. Биздин Орусия менен учурда иштеп жаткан келишимибиз бар. Азербайжан жана Иран менен дагы бар. Биз алар менен байланыштабыз. Керек болгон учурда жеткирүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүшүбүз мүмкүн", —  деди Донмез.

Анын айтымында, өткөн жылы Түркия 59-60 кубометр жаратылыш газын керектеген.

"Биздин оюбузча, быйыл дагы керектөө ошондой эле темп менен жүрөт. Албетте, жаратылыш газына болгон суроо-талап сезонго жараша өзгөрүп турат. BOTAŞ (Түркиянын мамлекеттик мунай-газ компаниясы) мурдагы жылдар менен салыштырган маалыматтарга ээ. Ага ылайык, биз дагы газ алууну пландап жатабыз. Эгер жеткирүүчү тарап планды аткарса көйгөй жаралбайт", — деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости