www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Смартфонду жаздыктын алдына коюп кубаттоо өтө кооптуу. Анткени ал ысып, өрт чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу "Прайм" басылмасына "Роскачество" мекемесинин Санариптик продукцияларды тестирлөө борборунун башкы адиси Сергей Кузьменко билдирди.
Анын айтымында, смартфон өчкөн кезде дагы жылуулук бөлүп чыгаргандыктан, аны жаздыктын астына койгондо өрт чыгып кетиши ыктымал. Ошондой эле адис телефонду туура кубаттоонун жол-жобосун түшүндүрдү.
"Эгер аппарат жаңы болуп жакшы иштеп турса, түнү бою зарядга калтырып коюунун зыяны жок. Анткени токтун агымын көзөмөлдөп, батарея толгондон кийин ашыкча кабыл албай турган мүмкүнчүлүгү бар. Бирок баттан-баттан жана узак мөөнөт кубаттоо акырындык менен смартфонду буза баштайт", — деди Кузьменко.
Дал ушул учурда аппарат бат ысып, жогоруда айткандай, бир нерсенин алдында калып калса өрт чыгат. Телефон өзүнөн өзү жарылып кеткен учурлар болот.
Адис билдиргендей, колдон келсе смартфонду жылуулугу 20 градуска жакын бөлмөдө кубаттап, ар дайым батареянын деңгээлин 50-60 пайыздын тегерегинде кармоо керек.
Булак: NazarNews.kg