www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги Кыргызстандагы биринчи косметолог, айымдарга сулуулук тартуулап, ажарын ачкан “Фа-Эстетик” сулуулук салонунун жетекчиси Фатима Керимбаеаваны кепке тартып, беттеги бырышты жок кылган ботокстун оң жана терс жактары боюнча баарлаштык.
-Фатима эже, көпчүлүк аялзаты колдонуп жаткан ботокс жашартабы же бырыштарды гана жазабы?
-Ботокс жашартпайт. Ал бырыштардын ордун убактылуу гана толтуруучу каражат. Ошондуктан бетине мимикалык бырыш түшүп калгандар жашаргысы келип, ботокс сайдырууну каалашат. Бизге кайрылган кардарлардын баарына эле ботокс куйдурсаң укмуш болосуң, жашарасын дебейбиз. Алгач оң жана терс жактарын айтабыз. Тагыраагы, ботокс тууралуу кенен маалымат беребиз. Кардар кандай чечим кабыл алса, ошого жараша иш кылабыз. Көптөр ботаксты жашартуучу каражат катары түшүнүшөт. Биз ботокс бырыштардын ордун гана убактылуу толтураарын, бет булчуңдарын кыймылдатпай коёрун айтабыз. Ботокстын жакшы жери нерв системалары жабыркап, көздөрү бат–бат ирмелип же бети тынымсыз кыймылдап калгандарды 5-6 айга кыймылдатпай кармайт. Ошондой эле ботоксту каалаган жерге эле сая бербейт. Өзүнүн точкаларына гана саят. Муну өлчөмүнөн көп сайганга болбойт. Өлчөмүнөн көп сайылса, шишип калгандай көрүнүп калат. Негизи ботокс кечээ же бүгүн эле чыга калган жок. Хирургдар гемотомалык артриттерге эбак эле дары катары колдонушчу.
-Ботоксту куйдургандан кийин эмнелерге тыюу салынат?
-Бет булчуңдарына жана көздүн капталындагы точкалар аркылуу ботокс куйгандан кийин мончого түшпөш керек. Анткени, булчуңдардын баары парга киргенде бошогондо ботокс бат эле тарап кетет. Ар бир адамдын иммунитети, жашоо образы жана организминдеги өзгөрүүлөр ар башка болгондуктан, ботокстун узакка чейин сакталышы же эрте тарап кетиши мына ушул факторлор да байланыштуу болот. Маселен, кээ бирөөнүкү беш айга жетсе, бирөөнүкү сегиз, тогуз айга жетет. Ботоксты куйдургандан кийин жарым айча күнгө, шамааалга урунбай сактануу керек. Баса, негизи боктоксту мимикалык бырыштар түшүп баштаганда, бетти калыбына келтирүүчү, жашартуучу терепияларды алып, анан сайдырса жакшы эффект берет.
-Ботоксту бир сайдыргандан кийин ага көз каранды болуп калбайбы?
-Негизи ботоксту бир куйдургандан кийин кайра албай коюу мүмкүн болбой калат. Анткени, терилер чоюлуп, бырыштардын орду бошоп калат. Убакыттын өтүшү менен ботокс тарап кеткенден кийин анын орду майда бырыштар басып кетет. Ошондуктан бир куйдургандан кийин ар дайым алып турууга аргасыз болуп калгандар да бар. Ошон үчүн куйдурардан мурун мурун ойлонуш керек. Ботокс ар бир адамдын курагына, бырышынын терең же терең эмес экенине чейин эске алынып, тиешелүү өлчөмдө гана куюлат. Аны көп жолу куйдурган зыян.
-Ботокстун организмге тийгизген терс таасирлери кайсылар?
-Ботокс таксин башкача айтканда уу болгондуктан ал жабыркап турган органга таасир этип, кээ бирөөнүү приступ да кылышы мүмкүн. Ошондой эле кайсыл бир органда жаныңды кыйнаган дартың болсо, аны өрчүтүп жибериши да мүмкүн. Кээ бирөөлөр эмнегедир улгайуудан качышат. Чынында улгайгыбыз келбей, пластикалык хирургиянын кызматын канчалык көп көрсөк да, табияттын мыйзамынан эч жакка качып кутула албайбыз. Картайуу менен канчалык күрөшкөнүбүзгө карабай убакыт өзүнүкүн алат. Ага болбой эле ар дайым куурчактай болуп жүргүлөрү келгендер көп. Бирок, айымдар кээде бырыш да жарашарын билишпей эле кыжаалат боло беришет. Майкл Джексон пластикалык хирургияны көп колдонгондуктан беттеги булчуңдар, терилер баштапкы калыбына келбей жыйынтыгында маска кийип калган. Ошондуктан пластикалык хирургияны жасатаарда, ботоксту куйдурардан мурун азабын тартып калбаймынбы деп ойлонуш керек. Мен Россиянын көп ырчылары ботоксты ашыкча куйдуруп алып, бети шишимик тартып калганын көрөм. Жаман дарттардын өрчүшүнө да таасири тийеби деп чоочулайм.
-Баса, чет мамлекеттерде өз майын сордуруп алып, бырыштарды жазууга колдонулат экен го. Бизде ал ыкма колдонулабы?
-Ооба, биздин косметикалык борбордо колдонулат. Бирок, бул ыкманын ботоксчалык коркунучу жок. Анткени, өз майыңды куйгандын эч кандай зыяны жок. Болгону, аны жакшы хирург жасашы керек. Анткени, май бүртүкчө болот. Аны кылдаттык менен жазыш керек. Бул ыкманын кызмат акысы кымбат болгону менен ал 1 жарым 2 жылга чейин жетет.
Кызыктыруучу суроолор болсо, 0704 436 306 телефон номерине байланышса болот...
Булак:NazarNews.kg