www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги жарандык активист Уран Рыскулов менен тышкы күчтөр неге кыргыз саясатына кийлигишүүгө ашыктырган жагдайлар боюнча баарлаштык.
-Уран мырза, айрымдар Кыргызстандын парламенттик шайлоосуна тышкы күчтөр киришет деген кооптонуусун айта баштады. Тышкы күчтөрдү кийлигиштирбей эле шайлоону өзүбүз өткөрүп алсак болбойбу?
-Өкүнүчтүүсү, Кыргызстандагы шайлоолордун көпчүлүгү чет мамлекеттердин атайын кызматынын көзөмөлү менен өтөт. Керек болсо, ким шайланаарын, ким тизмеде канчанчы болоорунан бери ошолор чечет.
-Эмне үчүн алар чечет?
-Бизде бизнес булактары үч тепкичке бөлүнөт. Биринчиси, эң жогорку киреше алып келген булактар. Буларга Кумтөргө окшогон кен байлыктар жана интернет жыштыктары, финансылык булактар, банктар, нефти-газ менен иштеген тармактар жана мамлекеттик белгилерди басып чыгарган ишканалар кирет. Мен санаган тармактардын басымдуу бөлүгүн сырткы күчтөр басып алган. Ким ушул биринчи тепкичтеги байлыкка сын айтса, 20-25 жылдан түрмөгө кесилет. Буга Кумтөрдөгү маселени көтөрүп, Саруудагы башаламандыкты уюштурду деп камалган Садыр Жапаров. Мегакомду көтөрүп чыккан Абеков мисал боло алат. Экинчи тепкичте чоң-чоң соода борборлор, базарлар жана чакан ишканалар кирет. Аларды көбүнчө биздин эле көпөстөр ээлейт. Үчүнчү тепкичке кичинекей магазин, ларектор жана ошого окшогондор кирет. Биринчи тепкичтеги бизнеске эч ким тийише албайт. Ал жак кыргыз эли үчүн жабык. Ооз дагы ача албайбыз. Жакшылап байкасаң, ар бир революция болгондо жаңы келген бийлик экинчи жана үчүнчү тепкичтеги бийликке рейдерлик кылып баштайт.
-Эмнеге экинчи үчүнчүнү басып алууга аракет кылып, биринчиге тийишпейт?
-Анткени, ал жакка тийишсе эмне болушаарын билишет. Аларга каршы чыккандарды Насирдин Исановдой кылышат. Садыр Жапаровдой кылып камашат. Тышкы күчтөр Кыргызстандагы кирешелүү бизнестерин сактап калыш үчүн алар шайлоо процесстерин көзөмөлгө алганга аргасыз болушат.
Булак: NazarNews.kg