www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук коронавируска каршы эмдөөнүн артыкчылыктары жана муктаждыгы жөнүндө билдирүүлөрдү бөгөттөй баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бөгөттөөнүн себеби социалдык тармактарда саясий жарнамага тыюу салуу жана ага байланыштуу алгоритмдер болгон деп божомолдонууда. Анда 110дон ашуун тайпалардагы демөөрчүлүк билдирүүлөр орунсуз деп белгиленген. Тактап айтканда, социалдык тармак вакцинанын иштөө механизмдери жана эмдөө пункттарынын жайгашкан жери жөнүндө билдирүүлөрдү алып салган.

Фейсбук көйгөй келип чыкканын моюнуна алып, анын мазмунун калыбына келтирерин айткан. Июнь айында социалдык тармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг Фейсбук колдонуучуларды АКШдагы президенттик шайлоо жөнүндө билим берүү компаниясын баштаганын жарыялаган жана саясий жарнамаларды өчүрүү вариантын киргизген. Ноябрь айында америкалык ЖМКлар Фейсбук өзүнүн кызматтарындагы мындай материалдарга тыюу салууну унчукпай узартты деп жазышкан, бирок добуш берүүдөн бир жумадан кийин аны алып салуу пландаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости