www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Актриса жана журналист Назира Айтбекова акыркы даярдаган берүүлөрүндөгү коомдун канчалык даярдыкта экенин өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.
«Акыркы берүүлөрүмдөн кийинки жыйынтык:
1. Айымдар ден-соолугу тууралуу абдан көп суроолорду узатты. Активдүүлүгүн көргөздү. Мындан улам айымдардын арасында өз ден-соолугуна кайдыгер карагандар аз окшойт деп калдым
2. Эркектердин көбү да рахмат айтышты. Бирок жарты эркектерибиз «оорукчан» экенин байкадык! «Сени каалап атам», «Төшөктө укмуш болушуң керек!» «Порно көрөсүң го, ээ? «Айтбекова, эрсиребей, эрге тий!», «Айтбекова, эркегиң жок, ачка өлөйүн деп калгансың го!», «Эркек менен эркек сүйлөшүш керек!», «Динден алыс болсоңор, ооруйсуңар да» ж.б. ушул сыяктуу ой жүгүртүүлөрдөн соң, кайсы бир бөлүгүбүз психологиялык жактан абалы жумшак айтканда жакшы эмес экенинин билдим. Төшөктө комплекси, көйгөйү барлар булар деп түшүнсөк болот. Соо адам мындайды жазбайт эле.
3. Аялдардан эң көп келген каттар бул маңызда болду: «Назира, күйөм кандыра албайт. Өз ишин чала – бучук бүтүрүп алып, ары карап жатып алат. Мен түрдүү поза кылгым келет. Кумарым такыр канбайт. Эркектерге аялды кандыра билиш керек экенин айтып койчу?» Мындан улам биздин эркектер күчүн Facebookта аялдар менен айтышканга кетирип, аялдарына алы келбей калып жатканбы деп ойлойсуң! Аялды жибитип, жакшы сөз айтып, мактап, көңүлүн алганды, алардын көңүлү менен эсептешкенди үйрөнгүлөчү? Жанагы ачуу тилиңерди мага колдлнбой, таттуу кылып алып аялыңарга колдонсоңор алда канча бактылуу болмоксуңар!
4. Жалпы жонунан мындай берүүлөр абдан зарыл экенин түшүндүм! Көп көйгөйлөрдү чыгарам жакында. Адистер менен уялбай – этпей эле ар кыл темада сүйлөштүк! Бул бизге абдан керек! Учурда монтаждалып, кезеги менен чыгып жатат», - деп кошумчалаган ал.
Булак: NazarNews.kg