www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, соцтармактарга жарыяланган маалымат боюнча биринчи арыз тиешелүү бөлүмгө түшкөнүн билдирди.

Бирок, министр азырынча так кимден жана кайсыл билдирүү үчүн арыз түшкөнүн айта албайт.

«Такталбаган жана жалган маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча токтомду техникалык жактан кантип ишке ашыраарыбызды азырынча билбейбиз. Техникалык бөлүгүнө Санариптик өнүктүрүү министрлиги жооп берет. Биз аларга арыз жазабыз», - деди ал.

Азамат Жаманкулов азырынча жагымсыз материалдарды бөгөттөө же алып салуу механизмдери жок экенин мойнуна алды.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 23-августунда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева тарабынан демилгеленген “Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости