www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда холера табылганы тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу брифинг учурунда республиканын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын жетекчисинин орун басары Нурмат Отабеков билдирди.

"Бул оору биздин өлкөдө эч качан катталган эмес", - деди Отабеков.

Ооганстанда аныкталган холера оорусу Өзбекстанга кирип жатканы тууралуу тараган маалымат толугу менен жалган экени белгиленет. Азырынча Өзбекстанда холера оорусу аныктала элек.

Ошондой эле, өлкөдө оору аныкталса дагы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча карантин колдонулбайт. Кооптонууга эч нерсе жок, анткени бул оору менен ооругандарды аныктоо ыктымалдыгы жогору жана адистер оорулууларды кантип дарылоону билишет.

Буга чейин “Узсувтаминот” ишканасы холера оорусу крандагы суу аркылуу тараганы тууралуу социалдык тармактардагы маалыматка жооп берген.

Өзбекстан Ооганстандагы холера оорусуна байланыштуу өлкөгө келгендерге көзөмөлдү күчөттү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости