www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс Кулов, мурунку өкмөт башчы, генерал-лейтенант:  

«Атамбаев “Мага вице-премьер-министр Шамиль Атаханов келип, “ Батукаев оорулуу, ал эч кимди өлтүргөн эмес. Бул жакта калса эки “мыйзамдагы уурунун” ортосундагы тиреш күчөйт. Эгер ал эч кимди өлтүрбөсө, оорулуу болсо бошотуп жибербейлиби? ” деп суранды. Мен андай болсо карап көргүлө деп макул болгом” деп айткан»

-Феликс Шаршенбаевич, сизде эл билбеген көп маалыматтар болушу мүмкүн. 2010-жылдагы бийлик алмашууга Россия аралашкан деген маалыматтар айтылып калат. Мурунку депутат Б. Бешимов «Бакиев бийлигин жөнөкөй эл жана Владимир Путин кулатты!» деп жазган. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Жок, Россия таптакыр аралашкан эмес.

— Кант шаарындагы базасынан аскерлерин алып келген дегенчи?

— Мага ишенсеңер болот, Россия аралашкан жок. Мен В. Путин, Д. Медведев, Коргоо министри С. Иванов, Н. Патрушев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдө болгом. Булардын бирөөсү да эч качан алдабайт. Биз мындай кылсак, кыргыздар тигиндей кыласыңар деп айтпаган. Чындыгын айтайын, бирөөсү да бул тууралуу ишаарат кылган эмес. Мен премьер-министр болуп турган кезде Эл аралык валюта фонду менен сүйлөшкөнүмдө, алар дагы ХИПИК боюнча эч нерсе айтышпаган. Алар “Силерде электр энергиясын уурдоо күч экен. Эгер силер уурдоону кыскартсаңар, биз жардам беребиз. Үстөктү алып салабыз, аны төлөбөйсүңөр. Каалабайсыңарбы? Анда төлөй бергиле” деген. Мен муну кантип жасоо керек?- деп сурасам, “Электр энергиясындагы коммерциялык жоготууну кыскарткыла. Тоо-кен тармагы ачык-айкын болушу керек. Биз үстөктү алып салабыз да, силер негизги карызды 30 жылдан кийин төлөйсүңөр” деп айтышты. Бул сунуштун эмнеси жаман? Болгону Африка өлкөлөрүнө дагы ушундай сунушту айтышыптыр.

— Генарал Өмүрбек Суваналиевдин “7-апрель күнү Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барсак, ФСБнын адамдары кайтарып жүрүшүптүр…” деп айткан сөзү бар. ФСБнын адамдары жөнү жок Атамбаевдин үйүн кайтарууга албаса керек?

— Менимче алар ФСБнын адамдары эмес, Россиядан жеке менчик кызматтардан балдар келген. Мүмкүн ошол учурда кыргыз балдарга ишеним болбосо керек. Ошол балдар “Биз ФСБнын адамдарыбыз” деп айтып коюшу мүмкүн. Расмий ФСБ адамдарын жибербейт.

— Кремль Курманбек Бакиевди бийликтен алып түшүүгө кызыкдар болгон жагдайлар жаралбады беле. Бакиев Москвага барганда “Манас” аэропортундагы АКШнын авиа базасын чыгаруу тууралуу сөздү айтып, бул жакка келгенде башкача ойноп кетпедиби. Биринчи революцияда АКШ Бакиевди колдогону ыраспы?

- 2005-жылы АКШнын биздеги элчиси Стивен Янг болчу. Мен түрмөдөн чыккандан кийин ошол элчиге жолуктум. Стивен Янг мага “Бакиев менин досум. Мен сизди тааныбаймын” деп ачык айтты. Мени тааныбашыңыз мүмкүн, Бакиев сиздин досуңуз экени чындыктыр. Ошол үчүн колдойбуз да дегем. Россиянын ФСБсынын директорунун орун басары В. Ушаков менен “Хаят” мейманканасында жолугуштук. Вячеслав Николаевич, убакыт аз, дипломаттык тил менен эмес, ачык эле сүйлөшөйлү деп айттым. Мен түрмөдөн чыкканда алар тараптан бир аз нааразычылыктар болгонун угуп калгам. Вячеслав Николаевич мага “Жакшы, дипломатияны токтотуп ачык сүйлөшөлү. Сиз ЦРУнун агентисизби?” деди. Муну кайсыл себеп менен айтып жатасыз? – деп сурадым. “Мадлен Олбрайт келгенде сиздин адамдарыңыз чыгышпады беле. Сиз түрмөдө олтурганда Олбрайт сизди колдогон” деди. Ооба, ошондой болгон. Колдосо эле ЦРУнун агенти болуп каламбы? Менин бир тууган иним Марселди камайбыз дегенде Россия кабыл албай коюп, АКШга кетти. Өзүмдүн үй-бүлөм, аялым, эки кызымды Россия кабыл албай, алар да АКШга кетүүгө мажбур болду. Аларга ким жардам берди? Америкалык жаран. Үй-бүлөм экинчи кабатта жашаганда, биринчи кабатта орус улутундагы аял дүкөн иштетчү экен. Аялым ошол аялдын сунушу менен беляши жасап сатып, ошол менен жашаган. Кызым 16 жашында дүкөндө сатуучу болуп иштөөгө аргасыз болгон. 6 жашар кичүү кызым жөнөкөй мектепке окууга барган. Үй-бүлөсү ушундай жашоодо жашаган, банктык эсебинде тыйыны жок адам ЦРУнун агентиби? Ушундай жөнөкөй эле мисалды келтирсем, ал унчукпай калган. Курманбек Бакиевге ачык болбосо да колдоо болгон болсо керек. Түз колдоо болгон эмес. Максим Бакиев алар менен эмне иш кылганын, бизнес жасаганын билбеймин.

- 2005-жылы алгач президенттик шайлоодо өз алдынча чыгам дегенсиз…

— Ооба.

— К. Бакиев менен тандемге эмне үчүн бардыңыз?

— Тандем Азимбек Бекназаровдун эмгеги. Бул киши мени чакырып “Феликс Шаршенбаевич, өлкөнү 14 жыл түндүктөн чыккан Акаев башкарды. Каалайсызбы, каалабайсызбы биз түштүктөн чыккан Бакиевди колдойбуз” деди. Биз эмне, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп калдыкпы?- деп сурадым. “Каалайсызбы, каалабайсызбы бул бүгүнкүнүн чындыгы” деп жооп берди. Эмнени сунуш кыласың?- десем, “Сизди түрмөдөн бошотконго ал кишинин салымы бар” деген сөздү айтты. Сөз жок, анын эмгеги бар дедим. “Ал революциянын башында турду. Элди бириктирди. Сиз даяр нерсеге гана келдиңиз. Бул туура эмес болуп калат” деп айткан.

— Бул сөздү К. Бакиев айттырса керек да?

— Мүмкүн, Бакиев бул кишини жибергендир. Бул сүйлөшүүдөн кийин Чолпон Баекова, Алмазбек Атамбаевдерге барып ушундай сунуш киргизди, эмне кылабыз деп айттым. Андай болсо тандемге барабыз деп чечтик. Бакиев экөөбүз келишим түздүк. Бир ай мурун Исмаил Исаков мага айтып берди. Көрсө, тандем тууралуу сүйлөшүү жүргөн кезде ал киши, Данияр Үсөнов, дагы башка кишилер ошол жерде болгон экен. Ошолор “Тандемдин кереги жок. Сиздин эл арасында аброюңуз чоң. Тандеми жок эле утуп чыгасыз” деп айтса, Бакиев “Мен аны колдонуп таштап кетем. Силер кабатыр болбогула” деп айткан экен. Исмаил Исаков “Бул туура эмес, жигиттик болбой калат” дептир.

— Сизди колдогондор тандемге барабыз дегениңизден кийин нааразы болгон кептерин айтыштыбы?

— Андай болгон жок. Элибиз тынч болсун, мамлекет үчүн биригүүгө барабыз дегенбиз.

— Сиз түрмөдө олтурганда кайсыл саясатчылар барды?

— Алмазбек Атамбаев, Мелис Эшимканов жана башкалар барышкан.

— Революция күнү кайсыл саясатчы биринчи болуп барган?

— Үсөн Кудайбергенов да барган. Ким биринчи барганы эсимде жок.

— Өмүрбек Текебаев баргандыр?

— Мүмкүн, Текебаев барса керек.

— Революция күнү Текебаев Сосновкага келгенде Бакиевдер Ак үйдү алып койду дегенди угуп, биз Куловду түрмөдөн алып чыгып, Бакиевдерди Кулов менен кууп чыгабыз деген сөздү укканым бар. Биринчилерден болуп Текебаев барган болуш керек?

— Текебаевдин да эмгеги бар. Мага балдар Бакиевдин жакындары ага “Куловду түрмөдөн чыгарбаңыз” деген деп айтышкан.

— Акаев экөөңүздөрдүн мамилеңиздер бузулушуна эмне себеп болду?

— Эмне себеп болгонун билбейм.

— Кантип билбейсиз? Божомолуңуз бар да…

— Администрациясынын жетекчиси Акаевге кирип “Кулов сиздин үстүңүздөн интрига жасап жатат” деп мени жамандаптыр. Бекмамат Осмонов мага кирип, бир саат монолог айтты. Бекмамат Осмонович, менин сизге эч кандай нааразычылыгым жок. Бирок, арыз менен кайрылууларды текшербей койгонго укугум жок. Сиз туура түшүнүңүз. Сизди жок кылып койчу тапшырманы көргөнүм жок дегем.

— Сиз анда кайсыл кызматта элеңиз?

— Вице-президент болчумун.

— Бекмамат Осмонов губернатор болчубу?

— Ооба, ал киши губернатор эле. Бекмамат Осмонович, мен сизди кызматтан алууну суранган жокмун деп түшүндүргөм. Акаев эс алууга чыккан. Эс алуудан келгенде “Кулов интрига жасап жатат. Бекмамат Осмоновду кызматтан алууну көздөөдө” деген ушак сөздөрдү ага жеткиришти. Экинчи учур, Тажикстанга сатылган курал боюнча. Автомат, танк тууралуу. Акаев бир жолу мени өзүнө чакырып, Куловго деген жазуусу бар кагаз папканы берип, “Акбаршо Искандаров куралдан жардам берүүнү сураныптыр” деди. Кабинетиме кирип папканы ачтым. Эч кандай резолюция жок. “Кыргыз Республикасынын президентине. Акбаршо Искандаров жардам катары 5 танк жана 150 автомат берүүнү суранат” деп жазылыптыр. Тутулдум деп ойлодум. Менин үстүмдөн буйрук кетет дедим да Коргоо министрин чакырдым. 150 автомат сатканга мүмкүнчүлүгүбүз барбы? – деп сурасам, “Бар” деди. Анда, 150 автоматты сатабыз. Базар баасын карагыла. Танкты сатпайбыз, кармап тургула, деталдарын алып салгыла, алар текшерип, сураганыбыз жетишпей жатат десе, убакытты созгула деп айттым. Бир канча убакыттан кийин Жогорку Кеңештин жыйынында “Кулов куралды сатып жиберди. Ал жакта өзгөчө кырдаал болуп турат. Өзгөчө кырдаал болгон аймакка курал сатканга болбойт. Кулов мыйзамды бузду. Согуш жүрүп жаткан аймакка танктарды сатты” деп маселе көтөрүштү. Алар танк сатпай койгонубузду билген эмес. Мен Москвада болчумун. Учуп келгенден кийин комиссия түзүп, Тажикстанга жөнөттүк. Ал жактан текшерүү жүргүзүп, Өкмөттүк аскерлер 150 автоматты кампадан алгандыгын, танк сатылбаганын аныктап, АКТ түзүп келишкен. Мен доклад жасадым. Өзгөчө кырдаал болуп жаткан аймак деп чыгышты. Токтогула, мен каалаган документтериңерди көргөзө алам. Тажикстанда расмий түрдө өзгөчө кырдаал жарыяланган эмес. Бизде өзгөчө кырдаал түштүктө жарыяланган, бүгүн жокко чыкты. БУУнун куралды сатууга болбойт деген чечими жок. Ошондуктан эч кандай эл аралык келишимдер бузулбаган. 150 автоматты өкмөттүк аскерлерге сатканбыз. Алардын бизге койгон доосу, Россия саткан баадан жогору сатканыбызда. Тескерисинче, биз утканбыз, зыян тарткан эмеспиз деп баарын ачык айтып бергем. Ар дайым менин үстүмдөн ушуга окшогон учурларды тапканга аракет кылышты. Менимче, Акаев мени президенттикке талапкер болот деп корккон болсо керек.

(уландысы бар)

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости