www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс Кулов:

-- “Ар-намыс” партиясы өлкөбүздөгү белгилүү чоң партиялардын катарында. Бирок, бул ирет негедир шайлоого барбай калдыңыздар го?

-- Ооба. Талапкерлердин тизмесин праймериз – партиянын ичиндеги тандоо аркылуу түзүү коомчулукка талапкерлер тууралуу алдын ала маалымат алууга, ал эми парламентке мыкты, кесипкөй депутаттар келүүсүнө мүмкүнчүлүк бермек. Тилекке каршы, учурдагы пандемиялык кырдаал буга жол берген жок. Ошондуктан, биз мурункудай капчыктуулар жеңишке жетишкен шайлоого катышуудан баш тарттык.

-- Өткөн чакырырылышта “Ар-намыс” партиясы аркылуу бир топ адамдар Жогорку Кеңештин депутаты болду. Алар ишеничиңизди актадыбы? Бул жолу партияга колдоолору болгон жокпу?

-- Азыр саясаттын жүзү белгилүү болуп калбадыбы. Кайсы жак ыңгайлуу, ошол өңүтүн тандап кете бермей. Мени сатып кеткен саясатчыларга таарынбайм. Бул чыккынчылык деле эмес, бирок жакшы көрүнүш катары кабыл албайм. Орусча айтканда, “не солидно”. Азыр саясатчылардын көпчүлүгү Атамбаев айткандай “чимкирик” болуп калды. Мага ушул вариант жакпайт. Жеңишке жетеби, же эл ишеничинен кетеби, туруктуу болушу керек. 

Көп мүмкүнчүлүк жок болуп турат. “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт”. Бирок, баарын эл таразалайт, эл тандайт. 4-октябрь баарын көргөзөт...

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости