www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көчө деңгээлиндеги Карасартова аман эле болсун!

Укук коргоочу Рита Карасартова нааразычылыкка чыккан Беларусь жарандарын колдоп, кичи митинг өткөрдү. Акция Бишкектеги Беларусь элчилигине жакын жерде өттү. Ага америкалык АУЦА жана Ага-Хан институтунун бир нече окутуучулары жана студенттери катышты. Августтун тынч күндөрү көчө акцияларын даярдоо боюнча биринчи үлгүсү ишке киргени дээрлик сезилген жок. 

Кыргызстанда ушундай окуялардын болуу мүмкүнчүлүгү жогору. Парламентке добуш берүүнүн жыйынтыктарын айрым оппозициялык партиялар жасалма өттү деп жарыялап, нааразычылык акцияларды жана кезектеги кырдаалды курчутуу аракеттерин баштоосу мүмкүн. Таланттуу Рита Карасартованын президенттик амбициясы жөнөкөй акцияларды кайсы бир имараттардын жанында туруп алып эркиндик жөнүндө кыйкырууга гана жетет экен. Ал 9 ай кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиктин жетекчиси кызматында иштеп, жөндөмсүз экенин көрсөттү. Бул аралыкта Рита Карасартова кесиптик-техникалык билим берүү мекемесинде бир да реформа жүргүзө алган жок. Бул деген толугу менен нөл деген баага татыгандыктын белгиси. Акырында ал көчөгө туруп алып сындап кыйкырган бир кыйла жеңил экенин түшүнүп, мамлекетке эч кандай жардам кыла албай, өз абийири менен кызматтан кетти. Ага өзүн көрсөтүүгө жана жогорку кызмат ордуна керек болгон мүмкүнчүлүк жана шанс толук берилген болчу, бирок кара итти агартып жууй албагандай эле кеп болду. Карасартованын көчө деңгээли өлкөнүн пайдасы үчүн маанилүү ишти алып кете албады, бирок биздин түзүлүштү талкалап, Соростун пайдасына жардам берип жатат. 

Булак: Де-Факто

Последние новости