www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс Кулов «суу ичкен кудугуна түкүрдүбү?»

Facebook социалдык тармагындагы сүр көрсөткөн тайпалардын бири Компромат кг саясатчы Феликс Куловго бир нече суроо узатты.

Анда төмөндөгүдөй суроолор берилген:

1. 2005-жылы тандем түзүлүп, анын натыйжасында сиз өлкөнүн премьер-министринин кызматын ээледиңиз, бир жылдан кийин, тактап айтканда 2006-жылы ноябрда ошол кездеги оппозиция "реформалар үчүн" митинг уюштурган. Албетте, К.Бакиев оппозициянын талаптарына макул болбой, премьер-министрдин кызматын сактап калууну туура көрдү. Анын үстүнө сиз митингдин уюштуруучуларын кутумчулук жана бийликти басып алуу ниети бар деп айыптадыңыз, атүгүл сөзүңүздү тастыктаган аудио жазуулар бар деп айттыңыз. Айтыңызчы, ошол учурда сиздин чечим туура болгон деп ойлойсузбу?

2. Кызматтан кеткенден кийин сиз "Бириккен Фронтту" түзүп, К.Бакиевдин тарабына оппозицияга өтүп, ультиматум коюп, К.Бакиевдин саясатын сындап жаттыңыз. Кийин 2007-жылы сиз уюштурган митинг таркап кеткен жана аларды ошол кездеги премьер-министр Алмаз Атамбаев таркаткан. Айтмакчы, анын кызматтан кетишин дагы талап кылгансыз, сиздин айтымыңызда буга себеп катары, анын адамдарды “кой” деп атаганын айткансыз.

Сиздин оюңузча, ошол кезде Атамбаевдин иш-аракеттери туура болгонбу?

3. Кийинчерээк, тагыраак айтканда 2008-жылы май айында К.Бакиевдин чечими менен сиз чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү дирекциясынын башчысы болуп кызмат ордуна дайындалдыңыз. Айтыңызчы, кыска убакыттын ичинде сиз саясий көз карашыңызды жана позицияңызды күтүүсүздөн өзгөртүп, К.Бакиевдин командасында иштөөгө макул болуп, 2009-жылы эле Дирекция Максим Бакиев жетектеген ЦАРИИдин курамына кирип калганын кандай түшүндүрө аласыз?

4. 2010-жылы бийликти куралдуу күч менен басып алгандан кийин, сиз К.Бакиевди, анын ичинде  УКМКнын башчысынын орун басары болуп дайындалганда жеке өзүңүз колдогон Жаныш Бакиевди, ошондой эле ЦАРИИни жетектеген Максим Бакиевдин жанында иштегениңизди унутуп, аларды  талыкпай сындап келесиз. Сиздин оюңуз боюнча ушул жана жогоруда айтылгандар сизди саясатчы катары, туруктуу позициясы жана күчтүү жеке саясий ишеними бар генерал катары мүнөздөйбү?

5. 2010-жылы апрелде Алмаз Атамбаев сизди аянтта "жыгач генерал" деп сөгүп, офицер жана генерал катары сизге акарат келтиргенден кийин аны менен байланышып калууңуз кандайча болду?

6. Феликс Шаршенбаевич, "Ар Намыс" фракциясынын 10 депутаты сиздин макулдугуңуз менен Атамбаевге премьер-министр кызматын сактап калуу үчүн көпчүлүк коалициясына өткөндө, "10 кичинекей негрлердин операциясы" жөнүндө маалымат бөлүшөсүз балким?

7. Феликс Шаршенбаевич, Курманбек Бакиевден 60 жылдык мааракеңизге карата кара түстөгү Toyota Land Cruiser 200 жол тандабас унаасын алганыңыз тууралуу жана андай белекти эмне үчүн кабыл алганыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

“Ар Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов бул суроолорго качан үн катаары азырынча белгисиз.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости