www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Феликс Шаршенбаевич, Темирлан Султанбеков менен теледебатка чыгуудан баш тартып койгонуңуз чынбы?

- Ал мындай болду: бул жигит социалдык түйүндөргө Акылбек Жапаровду жамандап пост чыгарды. «Жапаров киреше бербеген долбоорго каршы чыкканы үчүн эмес, партия колдобой койгонунан отставкага кетүүгө аргасыз болгон» деп жазыптыр.

Акылбек Жапаров чындыгында эле долбоорго каршы эле. Биздин фракция аны кайрадан министрликке көрсөткөндө да баш тарткан. Ошондо мен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кирип, «Жапаров эми министрликке кайра барбайт. Сенде сунуш барбы?» десем, «бар, Лаврованы көрсөтөлү» деди. Мен да каршы болгон жокмун.

Султанбеков Марат Казакбаевдин маалыматына таянып, «Ар-намыс» партиясынын курултайы болду, анан Жапаров партиядан чыгарылган» деп жазыптыр. Мен жооп кайтардым. Ооба, бизде бир аз чыр чыкканы чын. Бирок, биз ал чырды жөнгө салып, партияны бекемдей алдык.

Ал эми теледебатка келсек, экөөбүздүн ортобузда кандай теледебат болушу мүмкүн? Биздин фракцияда чыр чыканда ал кичинекей бала, мектеп окуучусу болчу. Окуяга аралашкан, көргөн эмес. Экөөбүз дебатка чыкканда ал окуган интернет материалдарын гана айтат да. Эгер окуяга катышканда, анда башка маселе эле. 

Андан кийин Садыр Жапаров экономика боюнча кайрылуу жасаса, Султанбеков аны да сындап кирди. «Атамбаев бийликте турган алты жылда өлкөнүн карызы 950 млн. доллар болсо, Садыр Жапаров бийликте турган бир жылда 960 млн. болду» деп жазыптыр. Мен ал келтирген сандарды карап көрүп, «ай балакай, сен тышкы карыз менен ички карызды чаташтырып жатасың» десем, ал «Кулов мени менен экономикалык дебатка чыккандан баш тартты» деп жазыптыр. Экономикалык дебат жөнүндө деги эле сөз боло элек.

«Баткенге боевиктер басып киргенде Кулов улуттук коопсуздук министри катары эчтеке кылган эмес» дейт. Боевиктер кол салган кезде мен дегеле мамлекеттик кызматта иштебей калгам. Министрликтен мэрлик кызматка өтүп, андан соң отставкага кеткем. Боевиктер болсо кийинчерээк басып киришти. Ушинтип эле ойго келгенди жаза берсе болобу?

- Кандай дейсиз, ал жигит өз позициясын билдирдиби, же кимдир бирөө колтугуна суу бүркүп жатабы?

- Ага кызыккан жокмун, билгим деле келбейт. Мен анын мүнөзүн түшүндүм. Аябай текебер, ошол эле учурда сөз көтөрө албай, кенедей эле сынга чычалап кетчү жигит экен. Кимдир бирөөнүн сөзү жакпай калса эле улуу-кичүү дебей беттен алып, кычык сөздөрдү айтып кирет тура. Он не деревянный генерал, он свадебный генерал» деген сыяктуу.

Мен аксакал катары аны тилдеп койсом деле жарашмак. Бирок, анткен жокмун. Болгону «цифраларды манипуляция кылган болбойт» дедим. Ошол сөзүмө эле теригип, капа болуп калыптыр. Менден кийин Сапар Орозбаков чыгып мени колдоп, «Феликс Кулов карыз боюнча туура айтты» деди. Султанбеков Садыр Жапаровду, мени, Акылбек Жапаровду сындап, өзүнө реклама жасап жатат окшойт. Эмне дейбиз?.. Жаш бала да, аман эле болосун...

- Акылбек Жапаров менен азыр мамилеңиз кандай?

- Мен аял киши эмесмин, эч кимге таарынбайм. Экөөбүздүн мамилебиз түз, орустар айткандай, салам-попалам... Мага андан эчтекенин кереги жок... Фракцияда Акылбек Жапаровго байланыштуу чыр чыкканда курултай өткөрдүм. Мен ошону каалаганым үчүн эмес, өзүмдүкү туура эмес болсо, жалпы партия мүчөлөрү өздөрү чечсин (1) дедим.

Курултай өттү, катышкандар аларды сынга алышты. Адегенде ачуу менен «партиядан чыгарабыз» деп жатышкан. Анан ачуулары бир аз тараган соң «чыгарбай эле коёлу» деп чечишти. Ошондон кийин фракция кайра күчтөндү. Себеби, эл түшүндү. Кийин чыр чыгаргандар өздөрү айтып беришти.

Көрсө, алардан президенттин тегерегиндегилер «фракцияны ыдыраткыла» деп суранышкан экен. Анткени, мен ал кезде оппозицияда болчумун да.

Булак: Азия News гезити

Последние новости