www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте УКМКнын ишмердүүлүгү тууралуу жаңы мыйзам долбоорлору каралып жатат.

Депутат Адахан Мадумаров бул мыйзам долбоорлору 2018-жылы жазылганын айтып, андан бери Конституция алмашып, кырдаал бир топ алмашканын белгиледи. Мындан улам ал демилгени артка кайтарып, кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү сунуштады.

Ошол эле учурда эл өкүлдөрү Султанбай Айжигитов, Кундузбек Сулайманов, Балбак Түлөбаев, Жеңишбек Токторов кесиптешинин пикирине каршы болуп, бүгүн эле кароого чакырды.

Андан соң Мадумаров кайрадан микрофонго чыкты.

"Мекен үчүн күйгөндөр, бул мыйзам кереги жок деп эч ким айткан жок. Мыйзам каккан казыктай болуп иштеши керек деп айтам. "Аны-мунун кереги жок" дегидей бул соода эмес. Конституция мамлекеттин бүтүндөй эрежесин бекемдейт. Анын 59-беренесинде "адам укуктары үзгүлтүксүз жана абсолюттук" деп жазганбыз. Бул мыйзам долбоорунун 4-беренесинде УКМКга тыңшоого укук берүү жазылып турат. Дароо эле каршы болуп чыгасыңар. Мен сиздерге караганда (алдында сүйлөгөн депутаттар — ред.) көбүрөөк күйөм өлкөгө, мыйзамдуулукту, тартипти көбүрөөк талап кылам, мамлекеттин күчтүү болушун каалайм", — деди Мадумаров.

Андан соң андан мурун сүйлөгөн эл өкүлдөрү кайра микрофонго чыгышты.

Сулайманов кесиптешинен бир эле өзүн мамлекетке күйүп жаткандай көрсөтпөшүн суранды. Түлөбаев болсо залда отургандардын акыл-эси, деңгээли бири-биринен ашса ашып, бирок кем калбай турганын белгиледи.

Ал эми Токторов депутаттарга акыл үйрөтпөшүн талап кылды.

"Адахан мырзага айтарым, бизге мугалим болгонду токтотсо экен. Бул жерден Мадумаровдон башкасынын баары сабатсызбы? Мамлекетке бир эле ал күйөт бекен, биз деле күйөбүз. Публикага ойногонду токтотсунчу. Бул жерде отурган 88 депутаттын баары элдин элегинен өтүп келгенбиз, акылыбыз жетиштүү. Мадумаровдун акылынын кереги жок, акылыңызды үйгө таштап келиңиз", — деди Токторов.

Буга Мадумаров жооп берген жок, отурган жеринен эле баш чайкап "силерге беш" деп какшыктады.

Ошол маалда вице-спикер Улан Примов бири-бирине шек келтирбей сүйлөөгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости