www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди. Бул тууралуу Кулов «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Ал белгилегендей, парламенттин кезексиз жыйынында кворум болгон жок.

«Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт», — деп жазды Кулов.

Ошондой эле ал мыйзамдын талаптарын эске албаган депутаттардын аракетин сынга алып, өлкөдөгү «башаламандыкка жол ачып жатат» деп айыптады.

Мунун менне бирге Феликс Кулов президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан өз арызы менен кетери жөнүндө билдирүүгө комментарий берди.

Феликс Куловдун айтымында, президент кызматтан кетсе, үч айдын ичинде президенттик, бир айдын ичинде парламенттик шайлоо жарыяланышы керек. Мындай учурда президенттин кетиши «кылмыштык шалаакылык» болорун эскерткен Кулов тиешелүү бардык адамдарды мыйзамды сактоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости