www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фергана облусунун башчысы Хайрулла Бозоров "Жаштар көлүнүн" эки гектар жерин Unays building компаниясына туруктуу колдонуу үчүн өткөрүп берүү тууралуу 29-январдагы чечимин жокко чыгарды.

Unays building быйыл 5-январда, акимчиликтин тиешелүү чечими кабыл алынгандан 24 күн мурда түзүлгөн. Жер тилкеси компанияга "имараттар жана курулмалар" үчүн деген жүйө менен көп кабаттуу үйлөрдү, мейманканаларды жана соода комплексин куруу үчүн бөлүнүп берилген. Бул чечимди кабыл алууда аким президенттин токтомуна туура эмес шилтеме жасаган.

Жергиликтүү тургундар акимчиликтин бул чечимине нааразылык билдирип, аймактагы жаштар үчүн эс алуучу жана суу спорту менен алектенүүчү жай жок калганын белгилеп, көлдү сактап калуу жана аны калыбына келтирүү керектигин айтып чыгышкан.

Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги мамлекеттик объектилерди бир уюмдан экинчисине өткөрүү талаптары бузулганын билдирип, Фергана облусунун акимчилигине "Жаштар көлүнүн" жерин спорттук мектептин балансына кайтаруу тууралуу жазма буйрук жөнөткөн. Бийликтеги "Миллий тикланиш" партиясы акимчиликтин бул аракетине укуктук баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Акимдин жаңы чечиминде Unays building компаниясы 4-мартта акимчиликке кайрылып, чет өлкөлүк инвесторлордун каржылоосу кечигип жатканын билдиргени жазылган.

Последние новости