www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) уюмунун Ванкувердеги конгрессинде президент Джанни Инфантино Ирандын курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына катышып, пландалгандай эле АКШнын аймагында беттештерин өткөрөөрүн билдирди.
«Иран Дүйнө чемпионатына катышат. Албетте, Иран курамасы АКШда ойнойт. Себеби абдан жөнөкөй — биз биригишибиз керек, адамдар чогуу болушу шарт, биздин жоопкерчилигибиз ушунда. Футбол дүйнөнү бириктирет», — деди Инфантино конгресс катышуучуларына кайрылып.
Дүйнө чемпионатынын — 2026 тайпалык этабында Иран курамасы Жаңы Зеландия, Бельгия жана Египет командалары менен ойношу керек. Бардык беттештер АКШнын аймагында өткөрүлүүсү пландалууда.
Буга чейин Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын курчушунан жана ага америкалыктардын катышуусунан улам, эгер Иранга АКШдан тышкары жерде ойноого уруксат берилбесе, турнирден баш тартышы ыктымал деген маалыматтар тараган. Иран курамасынын катышуусундагы оюндарды Мексикага которуу мүмкүнчүлүгү каралган, бирок өлкө президенти Клаудия Шейнбаум логистикалык көйгөйлөргө байланыштуу ФИФА мындай кадамга барбасын билдирген.
Инфантино буга чейин эле Иран курамасы Дүйнө чемпионатына келерин айткан болчу.