www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцариянын башкы прокурору ФИФА футбол уюмунун мурунку баш катчысы Жером Валькени жана француз ПСЖ футбол клубунун президенти Нассера Ал-Хелаифини коррупцияга айыптады. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирүүдө.

Сөз Италия жана Грецияда өткөн дүйнө чемпионатын көрсөтүү укугун телекомпанияларга берүүдөгү коррупция тууралуу болуп жатат.

Вальке пара алууга, өз бийлигинен пайдаланып жасалма документ даярдаган деп айыпталса, Ал-Хелаифи Валькени азгырып, мыйзамсыз аракеттерге түрткөн деп шектелүүдө.

2020-жылдын башында иликтөөчү журналисттердин бирикмеси жана Mediapart басылмасы Вальке менен Ал-Хелаифиге таандык делген каттарды жарыялашкан. Ал каттарга таянган журналисттер ПСЖнын президенти Валькеге пара берген деген тыянакка келишкен. Тагыраагы ФИФАнын баш катчысы медиа укуктарды бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, Сардиниядан кыймылсыз мүлк алган деп шек саналууда.

Reuters маалымат агенттиги ал каттар 2022-жылы дүйнө чемпиондугу кайсыл жерде өтөөрүн тандоодо футбол ассоциациясынын жетекчилигинин арасындагы коррупцияны далилдеши мүмкүн деп жазды.

Вальке ФИФАнын баш катчылыгына 2007-жылы келген. Ал Бразилияда 2014-жылы өткөн дүйнө чемпионатына билеттерди сатууда коррупцияга шектелип, 2016-жылы иштен айдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости