www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус илдетине байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы карантинге жабылды деген маалымат тараган. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттиги тактоо иретинде филармонияга байланышка чыкканыбызда мекеме карантинге алынбаганын башкы админстратор Байкожоев Данияр ырастады.
“Коронавируска байланыштуу иш-чараларды токтотуу боюнча тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алган. Филармония эч кандай карантинге жабылган жок. Болгону алдыда боло турчу иш-чаралар жана концерттер гана токтотулду. Кадимкидей эле иштеп жатат”,-деди Байкожоев
Белгилей кетсек, мындай маалыматты филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтовго таянып "Азаттык" жазып чыккан. Анда филармония карантинге жабылганы айтылган.
Булак: NazarNews.kg