www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Филиппиндерде Минданао аймагына караштуу Марави шаарында ДЕАШ террордук уюму менен байланышы болгон куралдуу күчтөр менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар улантылууда.

Филиппиндер аба күчтөрүнө таандык учактар жаңылыштык менен өз аскерлерин аткылады. Окуяда 10 аскер каза болуп, 8 аскер да жараланды.

Филиппиндер армиясынан берилген маалыматта куралдуу күчтөр жайгашкан аймактын аскердик учак тарабынан бомбаланган учурда аскерлердин буктурмалары да жаңылыштык менен атылгандыгы белгиленди.

Эбу Сеййаф жана Мауте топторуна караштуу куралдуу күчтөр 23 -  майда Марави шаарын басып алган.

Коопсуздук күчтөрү операция баштаган шаардагы кагылышууларда ушул кезге чейин 129 кишинин каза болуп, 100 миң жарандын шаарды таштап кеткендиги билдирилди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости