www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттын көлөмү 20,4 млрд сомду түздү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2020-жылдан бери жана 2024-жылдын январь-февраль айларынын аралыгында депозиттик эсептерге 20 млрд 445 млн сом келип түшкɵн.

Анын ичинен 14 млрд 145,10 млн сом мамлекеттик бюджетке чегерилген, ал эми 6 млрд 299,9 млн сом Турукташтыруу фондуна которулган.

Министрликтен белгилешкендей, мамлекетке келтирилген зяындын ордун милдеттүү жана ɵз ыктыярдуу түрдɵ компенсациялоо акча каражаттары укук коргоо жана кɵзɵмɵлдɵɵ органдарынын депозиттик эсептеринде жана ошондой эле, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы катары Финансы министрилигинин депозиттик эсептерине которулуп, эсепке алынат.

Жогоруда айтылгандар, министрлер кабинетинин атайын токтомдорунун негизинде ишке ашырылат жана кɵзɵмɵлдɵнɵт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости