www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан сатып алган жаңы учак бүгүн “Манас” эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Airbus 320 үлгүсүндөгү учак эми Кыргызстандын расмий делегациясын ташыйт.

"Мамлекетибиз буга чейин кыргыз армиясына, өзгөчө кырдаалдар тармагына, жол куруу, кен казуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жана ар кандай багыттагы атайын техникаларды сатып алган. Учурда аймактарда аэропорттор курулуп жатат, алды кызмат көрсөтүүгө даяр. Өткөн жылы эки 80 орундуу жана 9 орундуу самолет сатып алынды. Алар өлкө аймагында жүргүнчүлөрдү арзан каттам менен камсыздайт. Ушул жылы дагы бир учак алынат", - деди Орунбеков.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын жогорку жетекчилери жана расмий делегациялар үчүн жаңы учак сатып алуу каралып жаткандыгы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости