www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финляндия Украинага аскерий жардамдын бешинчи пакетин жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди, деп жазат РИА Новости.

«Финляндия Украинага кошумча аскерий жардам жөнөтүүдө. Дарек ээсине жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн анын мазмуну, ташуу ыкмасы жана жардамдын шарттары тууралуу кошумча маалымат берилбейт», — деп билдирди министрлик.

Министрлик жаңы пакт боюнча макулдашып жатканда алар Украинанын муктаждыктарын жана Коргоо күчтөрүнүн ресурстарын эске алышканын белгиледи.

Буга чейин Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде өкмөт Украинага 95 миллион евролук төртүнчү аскерий жардам жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген. Анда кемеге каршы ракеталар, танкка каршы куралдар, 12,7 мм мылтык жана ок-дарылар болот.

Эске салсак, АКШ Конгресси Украинага жардам катары 33 миллиард доллар берүү чечимин кабыл алган. Анын ичинен 20,4 миллиарды аскердик жардам берүүгө жумшалары белгилүү болгон.

Ал эми Германия Украинага убада кылган Gepard зениттик куралдарын жеткире албай калганы айтылган. Буга снаряддын жетишсиздиги себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости