www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эр-аялдын ич ара ынтымагы. Албетте, үй ээси эркек. Аял анын оң колу, экөө биригип, үйдүн очогун күтүп, түтүнүн чыгарат. Бала чакалуу болушат. Мында ынтымак гана чечет.
Биринчиден, маанилүү түйүндүү катыш-бериш иштерди орток чечүүсү. Ар бирөө өзүнүн ички турмушундагы милдетин, укугун билүүсү, андан тап жылдырбоосу, т.а. аялдык-эркектик намысына доо кетирбөөлөрү, зайып да өз милдеттерин эрге, эр өзүнүн эркектик касиеттерин зайыпка оодарып жибербөөлөрү, албетте, ички эр аялдык намысты бири-бирине алдырбоосу;
Экинчиден, аялга, Кудай-Таала назиктикти, адептүүлүктү ченебей жараткан. Эркектер сүйлөшүп олтурса, ич-ара сөздөрүнө, болоор болбоско кийлигишпөөсү, кээ бир зайыптарча эркектен мурун кеп чыгарып, ортодогу акыл-ойду бузбоосу, т.а. жол талашпоосу. Олтургандардын ичинде эркекти уяткарбоосу.
Үчүнчүдөн, бири-биринин майда аракет-кыймылына киришпөөсү, кыпчылбоосу. Андан аста-секин сөз ырбатпоосу, тең атага айлантпоосу «Менден сен кыйын, сенден мен кыйынмын» дебөөсү.
Төртүнчүдөн, ачуусу келгенде же аялы ачууланып, албутуулугу кармаса, эркек эшикке чыгып, атына минип бастырып кетүүсү. Аял аны сезүүсү, эркек кайрылып келгенче эби-сынында болуусу, бир аз уялуусу, «жабылуу аяк жабылуу турандай» көрүнүшү.
Бешинчиден, үйдөгү бала-бакыралардын, ата-энелердин көзүнчө кер-мур айтышпоосу, карыларды оңтойсуз абалда калтырбоосу, балдарды тарбия-таалимдөөдө мунун начар багыт экенин башынан сезүүсү. Мындай жагдайлар алар жокто айтылуусу, ичкүптүлүктү өз ара чыгаруусу.
Алтынчыдан, барга - назар, жокко - кайыл жүрүүсү. Эркек эшиктен эмне тапса, тобо. Ал шордуу тапканын ичип албаса, башкаларга шайкелеңдүү шаттык жактарга жумшап салбаса, барын балдарыма, ата-энеме, кыскасы, үй-тиричилик үчүн десе, ага бала-бакыраларыда топук тилөөсү.
Аялдардан тилдүүлөр бар. «Эмне таап жатасыӊ», «Баланчаны карачы, үйүн толтуруп койду, сенчи, үч жылдан бери үстүмдөн бир көйнөк түшпөйт», «Эл сыяктуу качан оңолобуз» сыяктуу арам оокаттууга, арам машиналууга, арам малдууга, арам тамдууга, барларга көз артпоосу, аларга теңелип арамдыкка чалынбоосу.
Жетинчиден, азбы-көппү аны үлүштүрө билүүсү, ченем, сарамжалдуу болуусу, мисалы, «туз түгөндү», «ширеңке түгөндү», «самын түгөндү», «макарон түгөндү» өңдүү күндө керектелүүчү майдабарат оокаттар үчүн күйөөсүнө кажылдай бербөөсү. Туура, бир нерсе жок болот. Мында бирдеме айтууда да адеп керек, эр намысын козгой бербөөсү.
Сегизинчиден, сен тапканды мен таап жатамындын алды-арты жакшылыкка алып барбоосу. «Ойноп сүйлөсө да, ойлоп сүйлөөсү», «Мен сенден кемминби» - дегени. Ошондойдон таарыныч, бири-бирине эрегишүүсү, бардардыкка, бейкутукка, бала-бакыранын ырыскысына, аз табышкерлер, же көп табышкерлер ар-намыска доо кетирүүсү.
Тогузунчудан, балдарына атасын жамандабоосу, «Атаңар мындай-андай, силерден башкаларды жакшы көрөт. Ошолорго акчасын коротуп жүрөт» өңдүү карабеттик калп сөздөр менен ата-балага - карама-каршылык жүргүзбөөсү.
Балага атаны мокочо көрсөтпөөсү. Бирок эстүүлөр, идиректүүлөр эненин айтканын оңдоосу, таразага тартуусу, энесиндеги кемчиликтерди сезүүсү. Ата-эненин акылын, сапаттарын айра тааный билүүсү...
Онунчудан, эр-аял, ага-туугандар, жерге-жээктер менен бирдей катышуулары. «Бул меники, тигил сеники» дебей, жакшылык-жамандыка тең баруулары. Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбашы, «өз көмөчүнө кул тартпоосу», «кузгундуку куу жыгачтын башында, бөрүнүкү тең орток» болбоосу, ата-энесине, ага-инилерине, эжелерине берип жатат... деп, элге-журтка эрин жарыя кылбашы.
Он биринчиден, өзгөчөлөрдүн сыйлуу дасторконунда өзүлөрүн адептүү алып олтуруусу, алдыдагы ырыскыны жаркылдап-жайнап, үй ээсинин маанайын жарык көтөрүүсү. Достун ашын такаат кылбай, тартынбай, кастай жеп-ичип олтуруусу.
Бул биз үчүн жайылды, муну урматтообуз, сыйлообуз керек, өңдүү ой-пикир ар бир меймандын жадында болуусу. Ыраазы ыракматты кабаттап айтуулары. Ал эми дасторконунда эрди-аял өзү жайдары-жарык сезүүсү, конокту куштар кылып, кубанычы койнуна батпай, шайыр-шаттыкта турушу.
Он экинчиден, эркектердеги эң жаман адат аялын кызгануусу, ичи тардыгы, ит кыялы. Дасторкон үстүндө чыр чыгаруусу. Чамгарак, түндүк кимдики, эмне үчүн сый көрсөтүп олтурат, муну этибарга албоосу.
Албетте, мындайлар аялдарданда бар болушу. Ичип келип, эшикти иле калып аялын уруусу, үй-бүлөнүн тынчын алуусу, балдарынын жүрөктөрүн түшүрүп туруусу, «бирөөнү көп карадың» - деп, сый дасторконду аттап, аялын айдап кетүүсү. Бирөөлөр менен мушташуусу, аялынын айдай бетине так салуусу, көк челек кылып суу ичирип коюусу. Он ажырашып, он жолу элдешүүсү, кайрадан кызыктары кетүүсү.
Он үчүнчүдөн, зайыптарда да жок эмес. Кичине эле казан-аяк калдыраса, төркүндөрүн карай чабуусу. «Мени жутуп койду» - деп, адамдарды эрчитип келип, эр байкушту жамандоосу. Эл караган бетин жер каратуусу. Атасы болушчаактын, кызы ыйлаак болбоосу, аялдын чыганактыгы, эрдин башын аттоосу.
Он төртүнчүдөн, үй-жайын, бала-бакырасын, оокат-кечесин таштап коюп, зайыптардын айыл аралап, «ак моюн» издеп жүрүүсү. Ошондой эле эркектердин да бирөөлөргө көз артуусу, ошол жайды байырдануусу, арак-шарап бар үйдү аңдып, баш багуусу...
Арийне, ушундай, ж.б. биз айтпай кеткен кедерги сапаттар эрди-аялдын жашоо-тиричиликтерин иритет, ынтымак ыдырайт. Эрди-аял-өрмөктүн эриш-аркагы. Андай болуп жашап, өмүр сүрүп, укум-тукумун көрүп, эл катарында болууга не жетсин.
Маркум Акматалиев Амантур Сейтаалы уулунун китебинен
Булак: NazarNews.kg