www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Донецк облусунун аймагында өздөрүн-өздөрү "Донецк Элдик Республикасы"(ДНР-ДЭР) деп атап алган жикчилдердин түзүмүнүн соту украин тарапта согушуп жаткан үч жаранды өлүм жазасына тартты. Алар жалданмачылыкка жана бийликти куралдуу басып алууга айыптуу деп табылды.

Жикчил түзүмдүн мыйзамдарына ылайык, британиялыктар Шон Пиннер менен Эйден Аслин, марокколук Саадун Брагим атылышы керек. Аларда сот өкүмүн даттанууга бир айлык мөөнөт бар. Донецкидеги сот эки күнгө созулду.

Пиннер менен Аслин Мариуполдогу, Брагим Волновахадагы кармаштарда туткундалган. Үч жаран тең Украинага Орусия басып киргенге чейин кирген жана бир нече жыл бою украин куралдуу күчтөрүндө келишим менен иштеген.

Мурдараак орусиялык мамлекеттик "Россия 1" телеканалы Шон Пиннер менен Эйден Аслиндин өз күнөөсүн мойнуна алган видеосун жарыялаган. Алар анда Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго кайрылып, өздөрүн Киевде камалган орусиячыл саясатчы Виктор Медведчукка алмаштырууга аралашуусун өтүнүшкөн.

48 жаштагы Пиннер менен 28 жаштагы Эслин бул видеого кандай шартта тартылганы белгисиз. Чет элдиктердин жакындары алар интервьюсун басым менен бергенин билдиришкен. Алар ошондой эле Пиннер менен Эслин Украинанын куралдуу күчтөрүндө расмий кызмат кылышканын, жалданмачы катары кабылданбашы керектигин да айтып чыгышкан.

Улуу Британиянын парламентинин мүчөсү Роберт Женрик чет элдик аскерлердин үстүнөн чыккан сот өкүмүн "эл аралык мыйзамдарды одоно түрдө бузуу катары" баалады. Анын айтымында, аскердик туткундар жакын арада алмаштырылмак, "бирок орус бийлиги башкаларга көрсөтүү үчүн аларды өлтүргөнү жатат".

Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес. Алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат. 

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости