www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Садыр Жапаров кандай кадам жасаш керек?

-- Эгер ал жагдайды туура түшүнсө, анда келе жаткан 31- август эгемендик күнү жалпы элге кайрылып, «колуман келишинче аракетимди жасадым, эми өз ыктыярым менен отставкага кеттим» десе, анда бул тарыхый чечим болмок!

Кыргыз элине, мамлекетине зор жакшылык жасамак! Мен Садыр Жапаровдун келечекте арабызда ээн-эркин, башын бийик көтөрүп басып, жашап жүрүүсүн чын дилимден каалайм.

-- Президент андай чечимди кабыл ала алабы?

-- Патерналист лидер үчүн бул трагедияга барабар чечим. «Мен элимди багайын деп күнү-түнү жандалбас уруп иштеп жатпаймынбы!» деген ишеними мээсине терең сиңип калат. Кытай эли Маодон ал өлгөндө гана кутулушкан.

Ал эми биздин президент Садыр Жапаров терең ойлоноор. Үмүт кылалы. Кыргыз элине ал куруп жаткан эмес, башка Кыргызстан керек.

-- Кандай Кыргызстан?

-- Эгер күзүндө президенттик жаңы шайлоо өтө турган болсо, анда талапкерлер өз программаларын сунушташат. Кыргыз эли учурда өлкөнү өнүгүү жолуна сала ала турган мамлекет башчысын тандап алууга даяр болуп калды.

Булак: Азия News гезити

Последние новости