www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын аскердик чалгын кызматынын өкүлү Вадим Скибицкий украин күчтөрү артиллериялык ок-дарынын запасын дээрлик түгөтүп салганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, украин аскерлери артиллерия жагынан жеңилип жатат.

"Эми баары Батыштын Украинага эмне береринен көз каранды. Учурда Орусиянын 10-15 артиллериялык куралына биз тараптан бирден гана курал туура келип жатат. Биз ок-дарыны дээрлик түгөттүк жана азыр НАТОнун стандартындагы 155-калибрдеги снаряддарды колдонуп жатабыз. Батыштан курал келет деп үмүттөнүп турабыз", — деди Скибицкий британиялык ЖМКларга курган маегинде.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Буга чейин АКШ Конгресси Украинага жардам катары 33 миллиард доллар берүү чечимин кабыл алган. Анын ичинен 20,4 миллиарды аскердик жардам берүүгө жумшалары белгилүү болгон.

Ал эми Германия Украинага убада кылган Gepard зениттик куралдарын жеткире албай калганы айтылган. Буга снаряддын жетишсиздиги себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости