www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги ири фарм компаниянын кампасынан табылган дары-дармектер боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтөө жүргүзүп, дарылар атайын катылбаганын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Финансы полициясы тараткан маалыматка ылайык, табылган дары-дармектер өлкөдөгү дарыканаларга таратуу үчүн кампада сакталып турган.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат "дарылардын баасын атайын көтөрүп, жасалма таңкыстык жаратуу" деген факт менен сотко чейинки ачылган иш боюнча Бишкек шаарындагы ири фарм компаниянын кампаларын текшерүүгө алган. Финансы полициясы анда кампалардын биринде катылып жаткан дары-дармектер табылганын жарыя кылган болчу. Бирок, ишкананын аты айтылган эмес.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлда берген онлайн брифингде дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттаткан, мыйзамсыз ташылып келген жана катып жаткан товарлар боюнча 27 факт катталганын билдирген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат буга чейин дары-дармек сатуу боюнча аныкталган мыйзам бузуулар иликтенип жатканын билдирди. Кызмат жарандарды дарыны кымбат саткан фактылар боюнча 1955 телефонуна кайрылууга чакырды.

Июль айынын башында Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары таптакыр табылбай калган. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости