www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) өкмөттүн жаңы түзүмүндө ушундай эле аталыш менен калды, бирок Экономика жана финансы министрлигинин карамагында болот. Бул тууралуу өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча 12-февралда жарыяланган токтомдо айтылды.

Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон токтом “Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” деп аталат.

Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) да ишин ушундай эле аталыш менен уланта берет, бирок түздөн-түз өкмөткө эмес, Юстиция министрлигине караштуу болот.

Экономика жана Финансы министрликтеринин базасында Экономика жана финансы министрлиги, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлиги, Саламаттык сактоо жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтеринин ордуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Транспорт жана жол министрлиги менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги түзүлдү.

Мындан тышкары бир катар мекемелер кайра түзүлүп, аталышы өзгөртүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-февралда жаңы өкмөт ишке киришти. Премьер-министр Улукбек Марипов талапкерлиги парламентте каралып жатканда өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айткан. 17 статс-катчы, бир нече министрдин орун басары кыскарары, мындан мамлекет 74 миллион сомдун тегерегинде үнөмдөп калары да айтылган.

Айрым депутаттар кыскартуунун чыгымы да бар экенин, себеби мамлекеттик кызматкер жумушсуз калганда ага өкмөт кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болорун эскертишкен.

Президент Садыр Жапаров жаңы дайындалган өкмөт элге ишин көрсөткүчө дагы жок дегенде алты ай талап кылынарын билдирген.

ЖАМК өкмөттүн курамындагы өз алдынча мекеме катары 2009-жылы кайра түзүлгөн. Ага чейин бул система Юстиция министрлигине, бир жылдары Ички иштер министрлигине караштуу болгон.

Эскерте кетсек, Финансы полициясы өз алдынча орган катары 2012-жылы негизделген. Коомдук кеңеши, ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү жана Юристтер ассоциациясы бул мекемени жоюу ыктымалдыгы тууралуу талкуу жаралганда андай кадамга барбоо керектигин айтып чыгышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости