www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жардамыңызды четке какпаңыз, суранабыз!». Уламалар Кеңеши Орусиянын муфтийинен жардам сурап кайрылды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Уламалар Кеңеши, дин кызматкерлеринин арасында түзүлгөн кырдаалдагы маселени чечүүгө Орусиянын муфтийинен жардам сурап кайрылган. Тийиштүү катка уламалар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев кол койгон.

«Белгилүү болгондой, Кыргыз өлкөсүндө президенттик шайлоо болуп, бир жума мурун жаңы президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы болгон.

Бизди, руханий жамаатты, мусулмандарыбыздын руханий абалы тынчсыздандырат.

Чындыгында муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеп турганда биздин оюбузча, диндин салттуу негиздерине доо кетиши мүмкүн болгон көптөгөн олуттуу каталарга жол берген. Бул бүткүл Борбордук Азия аймагына таасирин бериши мүмкүн.

Өлкөнүн муфтиятынын айрым мыйзам бузуулары жөнүндө сизге маалымат беребиз жана алар кабыл алынбайт деп эсептейбиз. Тактап айтканда, социалдык тармактарда Максатбек Токтомушевдин өзү сүйлөгөн сөздөрү бар, ал жерде салафи агымын жана Таблиг Жамаатын ачык үгүттөп жатат. Бул биздин фундаменттерге жана салттуу динге карама-каршы келет.

Жакынкы арада өткөрүлө турган Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги курултайына, ал кызмат мөөнөтү аяктагандыгына карабастан уламалардын, салафиттик агымынын жана Таблиг Жамаатынын жактоочуларынын жаңы курамын кызуу даярдап жатат. Ал өлкөнүн руханий коомчулугунун башында калууга аракет кылууда.
Биз сизден жардам сурап, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана жеке өзүңүз Кыргыз Республикасынын президентине кайрылууңузду өтүнөбүз. Урматтуу Шейх, биздин өлкөбүздүн мусулман диндарларынын арасында сиздин аброюңуз бийик. Биз региондогу салттуу пайдубалды бузушу мүмкүн болгон мындай көйгөйлөргө биздин бийликтин көңүлүн буруубуз керек.

Биз азыркы Уламалар кеңеши жана кеңештин төрагасы, сизден жардамыңызды четке какпаңыз деп чын жүрөктөн суранабыз», - деп жазылат катта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости