www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын аймагынан белгилүү маркадагы жасалма алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз жеткирүү жана сатуу фактысы аныкталды.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган аймактагы дүкөндөрдүн бирине жасалма акциздик маркалары бар 400 бөтөлкөдөй "Серебром" алкаголдук ичимдигин сатып жаткан учурда А.С. аттуу жаран кармалды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, учурда тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришити Финполдон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости