www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюлдук телефонду колдонуунун эрежелери

Технологиянын гүлдөгөн учурунда жаш-кары дебей бардык адамдар уюлдук телефондун түрүн колдонуп калды. Албетте, ал биздин жашообуздун кээ бир жагдайларын жеңилдетет. Телефон менен аз убакыттын ичинде бир күндүк жумушуңду бүтүрүүгө болот. Айрыкча, обочолонуу учурунда телефон, дегеле технология адамдын жашоосуна көптөгөн өзгөрүүлөрдү анын ичинде пайдалу нерселерди алып келгени шексиз.

Ошентсе да, уюлдук телефондун адамга тийгизген терс таасири жок эмес. Аны туура жана убагы менен анан да максатуу колдонуу керек. Артык кылам деп тыртык кылбаш үчүн төмөндөгү кеңештерди сунуш кылабыз:

1. Коңгуроого 4 секунддан кийин жооп бериңиз, анткени ага чейинки маалда электромагниттик толкундардын таасири өтө күчтүү болот жана тарайт.

2. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин телефонду кулактын түбүндө кармап туруп өчүрбөңүз, себеби өчүргөн кезде толкундар заматта кулакка тарайт.

3. Чагылган тийип кетүү коркунучу жогору болгондуктан, мүмкүн болушунча жаан жааган учурда уюлдук телефонду иштетпей туруңуз, анткени магниттик күчү көбүрөөк болот.

4. Уктаган кезде 1,5 же 2 метр алыс жерге коюу керек.

5. Чөнтөктөн башка, сумкада же колуңуздан таштабасаңыз «тышкапка» салып жүрүңүз.

6. Телефон менен төшөккө жатпоо керек. Нерв системасына терс таасир берип, уйкуну бузат. Эртең менен баштын жана белдин ооруп калуусу толкундун таасиринен улам.

7. Телефонду моюнга илип алып, шымдын же пиджактын чөнтөгүнө салып жүрүүгө болбойт. Толкундар ички органдарга зыян алып келет.

8. Кош бойлуу аялдар телефонду колдонбой эле койгону жакшы, себеби аларга толкундар өтө көп тарайт.

9. Мүмкүн болушунча балдарга телефонду колдондурбаган оң.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости